Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жер титирөө кечээ 23-октябрда 11:50дө катталган. Министрдин айтымында, жер силкинүүнүн очогу Кытайдын аймагында, Кыргызстанга чектеш жерде жерде болду. Суфи-Курганда күчү 4 баллга, Нура айылында 5 баллга, ал эми Ош шаарында 3 баллга жеткен жер титирөө байкалды. К.Ташиевдин белгилешинче, залзаладан жабыр тарткандар жана курмандыктар жок.(MSu)