Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

А.Жекшенкулов: Бийликтин эл аралык аброю дагы төмөндөп кетти


Аманбек Жапаров, Бишкек Ушул аптанын башталышында оппозициялык саясатчылар Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Аликбек Жекшенкулов, Иса Өмүркулов жана “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Алмамбет Шыкмамбетовдун Москва шаарына барып келиши коомчулукта ар-кандай пикирлерди жаратууда. “АКИ-пресс” маалымат агенттиги “оппозиция тобу БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабиловага телефон чалышып, эгерде өткөн кыштагы парламенттик шайлоону легитимсиз деп билдирсе, Бишкектен үй, ири өлчөмдөгү акча бере тургандыктарын сунуштаптыр”,- деп жазып чыкты. “Акыйкат үчүн кыймылдын” координатору Аликбек Жекшенкулов бул маалыматты четке кагып, оппозициялык топ Клара Кабилова менен жолуккан-жолукпаганын кезеги келгенде коомчулукка жарыялашарын “Азаттыкка” берген таңкы маегинде кеп салып берди.

- Аликбек мырза кечээ “АКИ-пресс” агенттиги оппозиция тобу Москвага барып БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны былтыркы парламенттик шайлоону легитимсиз деп билдирүү жасаса Бишкектен үй сатып беребиз деп акча сунуштаптыр деген маалымат таркатты. Ушул маселенин чоо-чайына токтоло кетсеңиз?

- Бул маалымат жалган. Оппозиция мындайга барышы мүмкүн эмес. Мен ойлойм мындай маалымат менен бийлик оппозицияны дагы бир жолу элге жаманатты кылып көрсөтөлүк деген аракет менен оппозицияны маскаралап элге уят кылалык деген максатты көздөгөн. Буга эч кандай негиз да жок деп айтаар элем.

- Аликбек мырза оппозициялык саясатчылар тобу Москвага барганда БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова менен жолугуша алдыңарбы?

- Аны менен жолуккан-жолукпаганыбызды убактысы келгенде айтабыз.

- Москвадагы иш сапарыңыздарда расмий орус бийлигинин өкүлдөрү менен жолугуша албай, Стратегиялык изилдөө институтунун жетекчиси менен эле жолугушту деген дагы маалымат чыкты?

- Бул маалымат дагы оппозицияны начар жагынан көрсөтөлүк деген бийликтин иш аракети. Өзүңөргө белгилүү болгондой былтыр апрель айында “Бириккен фронттун” өкүлдөрү Москвага барып Орусиянын вице-премьерлерине барып жолугушуп келгенде массалык маалымат каражаттарында ар кандай маалыматтар чыгып кеткен. Ошондон кийин Москвадагы бийлик өкүлдөрү абдан нааразы болушкан. Ошондуктан биз ойлоп жатабыз Москвадагы жолугушуубуз тууралуу азырынча ачык-айкын чыгарбай туралык деп. Негизинен биздин Москвадагы сапарыбыз жемиштүү болду. Саясий коомдук ишмерлер, эксперттер менен жолугуштук. Анан бул Москвадагы сапарыбыздан кийин Кыргызстанда чоң бир нерсе өзгөрүп кетет деп күтүүгө болбойт. Дагы бир катар иш сапарыбыз болот.

- Оппозиция Орусиядан колдоо издеп АКШга далысын салды деген макала бүгүн “Жаңы Ордо” гезитинде жарык көрдү? Оппозициянын АКШ менен мамилеси кандай болот?

- Биз жаңы “Тышкы саясаттын концепциясын” жазып чыкканбыз. Анда көп тараптуу дипломаттык катыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурулган. Көп тараптуу мамилени чыңдайбыз. Орусия, Казакстан болобу, АКШ, Кытай болобу бардык мамлекеттер менен мамиле түзүүгө аракет кылыш керек. Бүгүнкү бийликтин аброюу кетип, эл аралык коомчулукта дагы ишеними жок. Ошондуктан биз кыргыз элинин, мамлекеттин келечегин ойлоп, оппозицияда жүрсөк дагы башка мамлекетер менен жылуу мамиле, натыйжалуу байланыш түзүү керектигин негизги иш аракеттерибиздин бири деп эсептейбиз.

- Аликбек мырза Элдик революциялык кыймыл ноябрь айынын башында элдик курултай өткөрүүнү болжоп жатышат. Бул курултайды “Акыйкат үчүн кыймылы” жана Коомдук парламент менен биргеликте өткөрөбү?

- Элдик революциялык кыймыл Элдик курултай өткөрүүнү өздөрүнчө пландаштырып жатышат. Бирок биз ойлойбуз ноябрдын аягында чогулуп Элдик курултайды өткөрүп калабызбы деп. Эгерде алар өз алдынча өткөрөбүз деп чечсе өздөрү деле өткөрүшөт да. Өзүңүздөргө маалым болгондой Элдик революциялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров баш болгон бир катар саясатчылар Коомдук парламенттин дагы мүчөлөрү эмеспи. Ошондуктан кандай маселе болсо дагы биз сүйлөшүп, кеп-кеңеш алышып дегендей байланышып турабыз.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG