Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:03

С.Балкыбеков: Кыргызстан өзбек газын кандай баада сатып алаары ноябрда белгилүү болот


Бул тууралуу “Азаттыкка” өнөр-жай, отун ресурстары жана энергетика министри Сапарбек Балкыбеков билдирди. Министрдин айтымында, 18-октябрда Алма-Ата шааарында Борбор Азиянын беш мамлекеттеринин суу-энергетика боюнча сүйлөшүүлөрүнүн негизинде, Өзбекстан Кыргызстанга 2009-жылдын биринчи кварталында дагы кошумча 150 млн. куб. метр газ бермей болду. “2009-жылдын 1-январында газды жеткирүү боюнча Өзбекстан менен келишимибиз аяктамак, кышында газ болобу же болбойбу деп кооптонуп турдук эле. Анткени быйыл кыш суук болуп, Өзбекстандын Кыргызстанга гана эмес, башка коңшу мамлекеттерге газды жеткириши күмөн болуп турган. Эми бул маселе чечилди. Азыркы тапта көйгөйлүү маселе –газдын баасы болуп жатат. Ал эки тараптуу келишидерде аныкталат”, - дейт С.Балкыбеков. Кыргызстан Өзбекстандан газдын миң куб.метрин 145 долларга сатып алып келген.(MSu)

XS
SM
MD
LG