Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

13:36 Кытайдан келген шектүү ун Орусияга текшерүүгө жөнөтүлдү


Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинин Азык-түлүктөрдү кайра иштетүү борборунун жетекчиси Жолон Өмкеев жана Чүй областынын карантин кызматынын жетекчиси Сапарбек Чымырбаев бүгүнкү маалымат жыйынында билдиришти. Ж.Өмкеевдин айтымында, кабык курт (кaпровый жук) болушу мүмкүн деген шектүү 116 тонна ундун үлгүсү Орусиянын тийиштүү кызматтарына жөнөтүлдү. Шектүү ун кытайлык кредиттин эсебинен Кыргыз ресурстар мамлекеттик ишканасына жөнөтүлгөн. Өмкеевдин белгилешинче, эгер ундан адам ден- соолугу үчүн өзгөчө коркунучтуу уулу курттун бар экендиги аныкталып калса, кредитке келген ун толугу менен жок кылынат. Маалымат жыйынында Кытайдан келген ундан дагы бир зыяндуу зат - меламиндин бар жоктугун текшерүү үчүн ундун үлгүсү алынганы кабарланды. Чүй областтык карантин кызматынын жетекчиси С.Чымырбаев Москвадан анализдердин жыйынтыгы жакынкы арада келип калаарын кабарлады. Учурда Кытайдан келген ун Кара-Балта шаарында вагондордон түшүрүлбөй, анализдин жыйынтыгы чыкканга чейин карантинде турат. Кыргызстанда азык-түлүктүн курамында зыяндуу уулу заттардын бардыгын аныктоочу лаборатория жок.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG