Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

16:00 Парламент Саламаттык сактоонун мурдагы министри Т.Абдраимовдун ишмердүүлүгүн текшерүүнү сунуштады


Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Максат Кунакунов бүгүн парламентте көтөрдү. Жогорку Кеңеште бүгүн саламаттык сактоо тармагында грант, гуманитардык жардам жана кредиттердин кандай максатта пайдалангандыгын текшерген комиссиянын жыйынтыгы каралды. М.Кунакуновдун айтымында, Туйгунаалы Абдраимов министр болуп турган кезде чет жактан келген каражат туура эмес бөлүштүрүлүп жатат деп көптөгөн арыздар түшкөн. Ошондой эле М.Кунакунов микрогенфармды сатуу менен алектенип келген “Аманат” компаниясын текшерүү сунушу менен Башкы прокуратуранын өкүлүнө кайрылды. Айта кетчү нерсе, “Аманат” компаниясынын башында учурда комиссияны жетектеп жаткан депутат Дамира Ниязалиева турган. Буга чейин саламаттык сактоо тармагын жетектеп келген Т.Абдраимов Түштүк Кореяга элчи болуп дайындалганы маалым.(MSu)

XS
SM
MD
LG