Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Ж.Жакыпов: Саиповдун өлүмү боюнча иштин бетин ачуу оор болууда


Бүгүн, 24-октябрда Оштогу «Саясат» гезитинин башкы редактору Алишер Саиповдун Кыргызстандын түштүк баш калаасында атып өлтүрүлгөнүнө бир жыл толду. Мурда маалымдаганыбыздай, кесиптешибиздин ажалына байланышкан кылмыш иши президент Бакиевдин жеке көзөмөлүндө турат Ошол тергөө иштеринин жүрүшү туурасында кабарчыбыз ички иштер министринин орун басары Жеңиш Жакыповду кепке тартты.

- Жеңиш мырза, Алишер Саиповдун атып өлтүрүлгөнүнө бүгүн толук бир жыл болду. Маркумдун көзүн тазалагандардын же аны буюртма кылгандардын учугу табылчудайбы?

-
Бул иш боюнча бир топ иш аракеттер жасалып атат. Мурун айткандай эле оперативдик иликтөө иштери жүрүп атат. Тилекке каршы бүгүнкү күндө кылмыштын бети ачыла элек. Өзүңөр билгендей, буюртма өлтүрүүнүн бетин ачыш өтө оор экен. Саиповду өлтүргөндө ошол жактагы күбөлөр 2 адамды көрүшкөн экен. Сүрөттөрү интернетке дагы чыккан. Ошол эки адам боюнча бир топ иш аракеттер жасалып атат. Кошуна Өзбекстанга да, компетенттүү органдарга дагы кайрылганбыз.

- Президент Бакиев «Саиповдун өлүмүнүн бетин ачуу жеке көзөмөлүмдө турат» деп үмүт байлатпады беле. Өлкө жетекчиси бул туурасында сиздерден сурап турабы?

-
Саиповду өлтүрүү фактысы такай көзөмөлдө, министр тарабынан ай сайын сурлып турат. Факты боюнча министрдин буйругу менен атайын топ түзүлгөн. Коллегиядан да бул маселе бир эмес эки жолу каралган. Дароо ачыш өтө оор экен мындай кылмыштарды.

- Мурунку маектешүүбүздө шектүү экөө изделүүдөө дедиңиз эле. Аларды кармоого эмне жолтоолук кылууда?

-
Алардын сүрөтү болгону менен толук маалыматтарын аныктай албай атабыз. Биздин атуулдарбы, же бөлөк мамлекеттен келген адамдарбы ошонусу белгисиз болуп атат. Өзүбүздө болгон маалыматтар, банк эсептердин баарын текшерип карап чыктык, бирок өңү-түсү боюнча дал келбей атат. Ошол себептен азыр коңшу мамлекетке да болжолдуу көрсөтмө бергенбиз. Иш аракеттер жүрүп атат.

- Бул жерде кокус кылмыштын изи табылса, коңшу мамлекеттер менен мамилеге доо кетет деген чочулоо жаткан жокпу?

-
Жок, эч кандай. Себеби бизде Өзбекстан менен да, Тажикстан менен да өзүбүздүн келишимдер бар, өтө оор кылмыштар боюнча бири-бирибизге жардам берүүгө тийишпиз. ЖККУ жана бөлөк структуралар алдында атайын уюштуруу системалары иштеп атат. Орусиялык кесиптештерге дагы ушул маселе боюнча маалыматтарды бергенбиз. Ошондуктан бири-бирибизге кандай гана кылмыш болбосун кайрылып, колдон келген жардамды берип турабыз.

-Баса, Алишер Саиповдун атасы башынан айтып келатпайбы, уулумдун өлүмүн өзбек президенти Ислам Каримов буюртма кылган, аны кыргыз милициясынын жана УКМКнын кызматкерлери аткарууга жардамдашты деп. Сиз буга кандайча карайсыз?

- Саиповдун атасы менен кеминде 5-6 жолу жолуккам. Жасалып аткан иш боюнча такай маалымат берип турабыз, өзүм да жолугуп айтып турам ал аксакалга. Өзбекстандан келип атып кетти, милиция жардам берди деген фактыны биз дагы туура эмес деп табабыз. Себеби бетин ачмайынча ким буйрук бергенин, окуя кандай болгонун айтыш туура эмес болуп калат.

- Авас Саиповдун айтымында, президенттик администрация ички иштер министрлигине быйыл июнда тапшырма берген экен. «Издөөнү эртелеткиле, айыптуулар жоопкерчиликке тартылсын!» маанисинде. А киши айтып атат, «Ошондон бери милиция унчуккан жок. Баары кайдыгер» деп. Чындап эле ушундайбы?

Болгон арыздын баары көзөмөлгө алынып атат. Мисалы министрдин буйругу менен Саиповдун кылмышынын бетин ачуу боюнча иш көзөмөлдө туруп атат, ага мен жооп берем. Ошон үчүн мен айтып атпаймбы, Алишер Саиповдун атасы менен 5-6 жолу жолуктук, акыркы ушул айда жолуга элекпиз, маалыматты кат жүзүндө да, расмий түрдө да берип атабыз.

- Жеңиш мырза, ачык-айрым маегиңиз үчүн ыракмат!

XS
SM
MD
LG