Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:07

Айтылуу тарыхчы, илим кандидаты Бейше Урустанбековдун көзү өткөнүнө быйыл 17 жылдын жүзү болуптур. Аттиң дүйнө, ар бир кылым аракетинен жашоо билиги жанган Бейше Урустанбековду шум ажал убагында арабыздан жулуп кеткен. Анткен менен анын опол тоодой эмгеги, жаркылдаган адамкерчилик элеси калды. Бейше Урустанбеков кыргыз тарыхында аты таанылган анык илим дыйкандарынын бири эле. Ыраматылыктын жүргөн-турганы, ойлогон ою, жасаган иши тарых болчу. Ал басса-турса да баладай бапестеп, кыраан куштай таптап келаткан тарыхтан кеп куруп, андан алпештенген ойлорун ортого төкчү. Бейше Урустанбековдун ырыс билги жапакечтиги, табият тартуулаган акылкөйлүгү, касиети анын кыска аралыкта Кыргызстан тарыхына аты таанылып, урматталган илимпоз катары саналышына себепкер болгон.

Бейше Урустанбеков тарых илимдеринин новатору эле. Убагында анын шакирти менен аткарган “Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы” аттуу эмгеги кыска аралыкта таңсык китептердин катарына кошулган. Аталган эмгектин масштабы жана козголгон проблемалардын көлөмү, аны бүгүнкү күндө да илимге жаңы аралашкан аспиранттардан баштап, көзү каныккан окумуштуулар үчүн да жолдомо китеп катары колдонулушуна себепкер болгону ачык байкалат. Бейше Урустанбековдун көзгө көрүнгөн дагы бир өзгөчөлүгү – ал билим десе ашын таштап, китептен нарк таап, анык илим менен узанган адам болчу. Илимпоздун илимпоздук ишмердүүлүгү жана билим көксөгөн эмгекчил касиети кимди болсо да суктандырбай койчу эмес.

Окумуштуунун дагы бир кайталангыс касиети – педагогдук иште билинген десек ашыкча болбос. Бейше Урустанбеков талантуу педагог, чебер лектор эле. Анын лекцияларына баарын билем деген билермандардан баштап, сабактан жаа бою качкандар да жапа тырмак катышчу. Адатта көңүлсүз эсептелген “Археология” сабагын ал киши илим-билим менен ширелген чыгармага айландырчу. “Намазга-тепе”, “энеолит”, “палеолит” сыяктуу археологиялык илимий терминдер, агайдын чечмөөлөсүндө кемелине келип, баардык түшүнүгү менен ачылып чыкчу. Бейше Урустанбеков дасыккан лектор жана сөзгө чебер окутуучулугу менен айырмаланчу. чукугандай сөз таап, “супсак” археологиялык терминдердин ажарын ачып салчу.

Бейше Урустанбеков илим жана билим коомчулугунда чебер устат катары эсте калаары талашсыз. Азыр алыстай элек убакыт бийиктигинен караганда, Бейше Урустанбековдун окумуштуулук турмушу таланттуу шакирт издөө менен өткөндөй ойго жетелейт. Эгер илимге шыктуу студент менен жолукса ал киши, “агынан жарылып”, болгон тажрыйбасы жене топтогон илим багажы менен бөлүшүүгө даяр эле. Дасыккан окутуучу катары ал студенттер арасында селекциялык иш жүргүзүп, алардын арасынан азыр профессор Аалыбек Акунов, доцент Нарынбек Алымкулов сыяктуу илимге шыктуу жаштарды окумуштуулук жолго сапарын түздөгөн.

Бейше Урустанбековдо тубаса окумуштуулук касиет бар эле. Ал кыска аралыкта 50 чамалуу илимий монография, илимий популярдуу макалаларды жазган. Кийинки убакта катуу ооруп жүргөнүнө карабастан, келечекке опол тоодой долбоорлорду түзүп, жетишсем жетишип калдым, болбосо шакирттерим бүтүрөөр деп, аларды чекесинен чаалыкпай ишке алып тамамдап келген.

Жакшы адамдан нур чачырап, аркасынан сөз ээрчийт дешет. Ошол нур чачырап, сөз ээрчиген адамдардын арасында Бейше Урустанбеков да бар эле. Ал да болсо агайдын маңдай тер төккөн адал эмгеги менен адамдык абийир-ыйманынын акыбети болгон.

Бейше Урустанбеков 1938-жылдын 16-майында Тогуз-Торо районунун Ара кыштагында жарык дүйнөгө келген. Эмгек жолун адегенде жумушчулук кесиптен баштап, 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG