Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

18:12 Чолпон-Ата: Ташкул-Ата маданий комплекси Чыңгыз Айтматовдун ысымына которулду


“Рух ордо” комплексинин негиздөөчүсү Ташкул Керексизов Чолпон-Ата шаарындагы бул маданий жайды 2007-жылдын 15-ноябрында Чыңгыз Айтматов өзү ачып бергенин эске салды. Ысык-Көл эл аралык экинчи кинофестивалынын, жазуучу, ишмерлердин, Түркия, Кыргызстан маданият министрлеринин, мамлекеттик катчынын жана Айтматовдун туугандарынын катышуусунда “Рух ордо” комплексинин ортосуна жазуучунун айкели орнотулду. Салмагы 500 кг. болгон колодон жасатылган бул айкел жазуучунун отургучта китеп кармап отурган түспөлүн берет. Анын чыгымын “Рух ордонун” азыркы кожоюну Борис Сан көтөрдү. Ошентип бул жай 24-октябрдан баштап Чыңгыз Айтматов атындагы маданий комплекс деп аталып калды. (RB)

XS
SM
MD
LG