Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Мароккодо мектеп окуучусу падышаны футболдук клубга салыштырганы үчүн түрмөгө түштү


Испаниянын "Барселона" футбол клубунун күйөрманы, 18 жаштагы Яссин Беллассаль мектептин доскасына өлкөнүн "Кудай, Ата Мекен, Падыша" деген расмий ураанын бир аз бурмалап, "Кудай, Ата Мекен, Барса" деп жазып койгон. Полицияга бул маалыматты мугалимдердин бири кабарлаган соң, сот өспүрүмдү бир жарым жылга түрмөгө кести. Адам укугун коргоочулар Марокконун юстиция министрлигине окуучуну абактан бошотуу талабы менен кайрылды.

XS
SM
MD
LG