Маселен Европанын ири биржаларындагы арзандоо10%ды түздү. Мунун алдында Британияда жарыяланган маалыматттар, өлкө экономикасы акыркы 16 жылда биринчи ирээт төмөндөгөнүн көргөзгөн эле. Ал эми Түштүк Кореяда негизги биржалык индекс 10,6%га арзандаса, Жапонияда соода негизги Никкей индексинин 2003-жылдан берки эң төмөнкү чекке түшүүсү менен жабылды.