Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Азиялык компаниялардын акциясы «саман пулга» айланабы?


Бээжинде Европа жана Азиянын бакубат мамлекеттеринин башчылары дүйнөлүк финансылык кризиске каршы күрөшүүнүн жолун талкуулашууда. Лидерлер 14-ноябрда Вашингтондо болчу финансылык саммит алдында өз ара мунасага жетүүнү көздөшүүдө. Бул тушта Азиянын фондулук рыногундагы абал осолдоодо. Экономикалык рецессия ири компаниялардын чыгашасын көбөйтөт деп кооптонуудан улам Азиялык ири компаниялардын акциялары үч күндөн бери кунун жоготууда.

Бээжинде ачылган «Азия-Европа форму» эки күнгө созулат. Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселе - эл аралык финансылык кризиске каршы шериктешип күрөшүү боюнча мунаса пикирге келүү. Саммит алдында Кытайдын президенти Ху Цзинтао жана премьер-министри Вэн Цзябо Евробиримдикке мүчө 27 жана Азиянын 16 өлкөсүнүн айрым лидерлери, анын ичинде Еврокомиссиянын төрагасы Хосе Мануэл Баррозу менен жекеме жеке кездешти. Баррозунун билдиришинче, Биримдик саммитти пайдаланып, Кытайды жана Индияны дүйнөлүк финансылык кризисти токтотууга арналып, 14-ноябрда Вашингтондо өтчү жыйынга чакырат.

Кытай глобалдык финансы системасын реформалоого жана экономикалык капсалаңды токтотууга олуттуу салым кошо алат деп ишенет Евробиримдик. Кытай валюта кору боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат, килейген миллиард калктуу өлкөнүн экономикасы да өнөр жайы өнүккөн өлкөлөргө караганда ылдам өсүүдө.

Бээжин саммитинин катышуучулары үч күндөн бери акциялары тез арзандап бараткан Азиянын фондулук рыногундагы абалга астейдил кулак түрүшүүдө. Анткени, жума күнү Япониянын Никкей индекси 9, 6 процентке төмөндөдү. Буга атактуу «Sony» компаниясынын кирешеси келерки жылы эки эсеге азаят деген божомол түрткү болду. «Samsung» фирмасынын кирешеси төртүнчү кварталда 44 процентке кыскарат деген кабардан улам Түштүк Кореянын фондулук рыногундагы сооданын көлөмү 10, 5 процентке ылдыйлады.

Дүйнөгө таанымал компаниялардын акцияларынын арзандашы инвесторлорду дүрбөлөңгө салып, Япон өкмөтү өз букараларына кайрылууга аргасыз болду.

-Япон калкы жана үй-бүлөлөр кылт этсе куйругун түйгөн чет элдик инвесторлорго окшобой, баалуу кагаздарга көбүрөөк көңүл буруп, акцияларга туруктуу инвестиция булагы катары карашы абзел. Акциялардын кайтарымы аз мезгилде өкмөт фондулук инвестицияларга элди кызыктырып, рынокко туруктуу инвестиция келүүсүнө жагдай түзүүсү шарт деп ойлом, - деп билдирди Япон өкмөтүнүн өкүлү Такео Кавамура.

Жума күнү Түштүк Азия мамлекеттеринин АСЕАН уюму Япония, Кытай жана Түштүк Корея менен чогуу 80 миллиард долларлык стабилдештирүү корун түзөлү деп макулдашты. Бул кор региондо 1997-98-жылдардагыдай финансылык кризисти болтурбоого жардамдашыш керек.

XS
SM
MD
LG