Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:49

ЕККУ АКШдагы президенттик шайлоого байкоо жүргүзөт


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму шайлоого байкоочуларын жибергенде, адатта сөз өткөөл доорду баштан кечирип жаткан Украина же Кыргызстан жөнүндө болуп жатканына көнүп калганбыз. Арийне, 4-ноябрь күнү АКШдагы добуш берүүнүн жүрүшүнө да уюмдун 100дөн ашуун байкоочусу көз салмакчы. Эмне үчүн уюм эң байыркы демократиядагы шайлоого байкоо жүргүзүү керек деп чечти?

Шайлоодо кандайдыр бир проблема чыгып кетет деп күтүүгө негиз жок. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Мамлекеттик департамент тарабынан байкоо жүргүзүүгө чакырылган. Бул тууралуу уюмдун Парламенттик ассамблеясынын өкүлү Клас Бергман билдирди. Байкоочулар миссиясына 55 өлкөдөн 100дөн ашуун байкоочу кирет. Алар өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө 6-ноябрда Вашингтондогу пресс-конференцияда айтып беришмекчи. Бирок бул жолу айта тургандай деле көп нерсе болбойт деп ойлойм, - деп кошумчалайт Бергман.

Адатта, уюм байкоочуларын демократия жаңы эле өнүгүп келаткан, шайлоо системасы жакшылап калыбына келе элек өлкөлөргө жөнөтөт. АКШ албетте, андай мамлекеттердин катарына кирбейт.

- Америкада биз шайлоо күнү добуш берүү кандай жүрүп жатканына, элдин канча убакыт күткөнүнө, бюллетендерди санаган жана башка жабдыктардын иштешине көз салмакчыбыз. Анын алдында болсо добуш берүүчүлөрдү каттоо процесси менен таанышып чыгабыз.

Бергман АКШда шайлоо башка өлкөлөрдүкүнөн абдан айырмаланаарын белгилейт. Алсак, добуш берүүчүлөр 50 штаттын ар биринде түздөн түз президентке эмес, аны шайлай турган адамдарды тандашат. Добушканалар жабылгандан кийин ар бир штаттын шайлоочулары ошол штатта эң көп добуш алган талапкер үчүн добуш беришет.

Шайлоону жеңүү үчүн талапкер ошондой 270 добуш алууга тийиш. Дагы бир өзгөчөлүк -АКШда “борбордук шайлоо комиссиясы” деген түшүнүк жок. Ар бир штат шайлоо процесси үчүн өзү жооптуу.

Адистер мындай борбордоштурулбаган система айрым проблемаларга алып келиши мүмкүн деп белгилешет:

- Байкоочулар бурмалоо, талаш-тартыш өңдүү башка өлкөлөрдө орун алган фактыларга күбө болушат деп ойлобойм. Ошондой болгон күндө да, Американын саясатында андай майда чүйдө нерселерге көп көңүл бурулбайт. Өлкө абдан чоң, ар бир штатта добуш саноонун өзүнчө жоболору бар. Бир нерсеси иштебей калса, эл топтолуп, кезек күтүп калат, - дейт Вашингтондогу изилдөө борборунун өкүлү Стефен Хесс.

Бирок ошондой өзгөчөлүктөн улам, 2000-жылы өлкөнүн Жогорку соту шайлоодон 1 ай өткөндөн кийин Флоридадагы бюллетендерди кайра саноого уруксат бербей койгон. Хесс Гор менен Буштун дээрлик теңме-тең добуш алганы сейрек көрүнүш экенин айтып, анын кайталануу ыктымалдыгы өтө төмөн дейт.

XS
SM
MD
LG