Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:50

Талкууну Аманбек Жапаров уюштурду “Азаттыктын” түз ободогу тегерек үстөл маегинде бул жолу энергетикалык кризиске, “Кыргызгаз” ишканасын Орусиянын “Газпром” компаниясына берүүгө байланышкан маселе талкууланды. Ага ишкер Өмүрбек Абдырахманов, Өкмөт алдындагы геология жана минералдык ресурстар агенттигинин статс-катчысы Дүйшөнбек Камчыбеков жана техника илимдеринин доктору Алайбек Обозов катышты.

- 9-октябрда “Кыргызгазды” Орусиянын “Газпром” компаниясына берүү жөнүндө меморандумга Бишкекте кол коюлду эле, ага ылайык “Газпром” 75 пайыз акцияга ээлик кылып, “Кыргызгаздын” акцияларын дагы алат экен деген кеп бар. Бул багытта кандай иш аракеттер жүрүп жатат? Дүйшөнбек мырза кеп кезеги сизде?

Дүйшөнбек Камчыбеков: – Бул боюнча мен өзүмдүн оюм менен бөлүшсөм. Себеби биздин мекеме “Кыргызгаз” мекемеси менен түздөн-түз иштебейт. Сиз айткан меморандумга 9-октябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарчасында кол коюлуп, ага мен да катышып, Орусиядан келген эксперттер менен сүйлөшүүлөрдүн күбөсү болуп калдым эле. Мен сөздү биздин өзүбүздүн газ тармагын өнүктүрүүдө, жалпы эле газ тармагын өнүктүрүү эмес, биздин жер катмарындагы газ, кен байлыктары барбы, жокпу, аларды өнүктүрө алабызбы, аларды тапканга биздин каражаттарыбыз, мүмкүнчүлүгүбүз жетеби деген ой менен баштагым келет. Себеби биздин тармак “Кыргызгаз” мекемеси эмес, “Кыргызнефтегаз” мекемеси менен бир топ жылдан бери чогуу иштешип келатабыз. Биздеги геологдорубуздун ой бөлүштүрүүлөрү боюнча биздин жер катмарларында нефтинин, газдын байлыктары бар деп айтып кете алабыз. Бирок аны эмне үчүн биз өндүрө албайбыз? Себеби ага өтө көп каражаттар керек болот экен. Мисалы бир эле мунай кудугун бургулоо үүн бир топ катмарларды бургулоо керек экен. Алардын бирөөсүнө эле 190 миллион сомдон ашык акча керек. Ал үчүн жок дегенде параметрдик деп 4 кудукту бургулаш керек экен. Буга бир миллиард сомго жакын каражат керектелет. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, бизде азыр бюджеттин тартыш. Ошого байланыштуу бүгүнкү күндө өзүбүздүн жер катмарын текшерүүгө, мунай, газ сыяктуу кен байлыктарын табууга азыр шартыбыз жок.

- Демек «Газпром» менен кызматташсак анда Кыргызстанга пайда болот турбайбы?

Дүйшөнбек Камчыбеков: - Өзүңүздөр билесиздер жыл сайын бизде коңшулаш Өзбекстан менен биздин өкмөттүн ортосунда анча-мынча талаш маселелер болуп келатат, суу менен газды байланыштырып, алар бизге суу бергиле десе , биз аларга газ бергиле дейбиз. Жакында жакшы келишимге кол коюлду, Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Түркмөнстан бизге газ беребиз деген ою болуп атат, эмки жылы аларга биз суусун беришибиз керек. Ошого байланыштуу эгер биз Орусия менен байланышып, алардын акча каражаттарын тартып, өзүбүздүн газ маселесин өнүктүрсөк, андан тышкары “Газпром” мекемеси биздин республикага газдан сырткары, мунайды дагы изилдейбиз деген максат менен эки лицензия кагаздарын алышкан. Булар түштүктөгү Көк-Арт жана Майлуу-Суу-4 мунай кендерин изилдейли деп жатышат. Ал маселелерге газ маселеси да кошулуп калса, бул биздин эле экономикага пайдасы тиет го деп ойлойм.

- Суу-энергетика маселелери боюнча эл аралык эксперт Базарбай Мамбетов Орусиянын “Газпром” ишканасынын Кыргызстанга канчалык керек экендигин буга чейин “Азаттыкка” берген маегинде айтты эле. Азыр ошол пикирге кулак төшөп андан ары кепти уласак.

Базарбай Мамбетов: – Биздин Борбордук Азия регионунда жаратылыш газы эң бир негизги геосаясаттын бири болуп калды. Биздин “Кыргызгазды” Орусиянын чоң белгилүү компаниясы - “Газпромго” берүү аракеттери туура деп ойлойм. Себеби “Кыргызгазды” Акаевдин доорунда дагы, азыркы бийликтин доорунда дагы дилитанттар башкарып, толугу менен банкрот болуп, бул мекеменин Казакстанга, Өзбекстанга, Орусияга болгон карызы көп убакытка чейин төлөнбөй турган карыздарга айланып, банкротко келип калган. Ушундай кырдаалда биз аны “Газпромго” сатсак бизге пайда болот. Себеби “Газпром” белгилүү, анын үстүнө Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын газын алып турган компанияга берсек биз кепилденген, арзан баадагы жаратылыш газын алып турабыз деген оюм бар.

- Мына Өмүрбек мырза, өкмөттүн өкүлү жана эксперт “Кыргызгазды” Орусиянын “Газпром” ишканасына бериш керек деген пикирлерин билдиришти. Айрым байкоочулар муну менен Орусия отун ресурстарына ээлик кылып, Кыргызстан кайрадан отун-энергетикадан көз каранды болот дешүүдө. Бул маселенин ток этер жерине токтоло кетсеңиз?

Өмүрбек Абдырахманов: – Көптөн бери “Кыргызгазды” приватизация кылабыз деп айтып келишкен, биздин өкмөт, депутаттар. Приватизация деген эмне? Приватизация деген англистердин “прайвит” деген сөзүнөн чыккан. Ал жеке менчикке берүү, мамлекеттен ажыратуу деген сөз. Биз эмне кылып атабыз? Биз кыргыз мамлекетинин ишканасын орус мамлекетинин ишканасына берип атабыз. Демек бул жерде эч кандай приватизация болгон жок. Бир мамлекет бир мамлекетке өзүнүн ишканасын толугу менен берип коюп атат. Мунун кандай коркунучтуу жагы бар, коркунучтуу эмес жагы бар. Туура, мен каршы эмесмин эгер “Газпром” бизге келип, биздин мыйзамдардын чегинде иштесе. Азыр карап туруңуз, Кыргызстандын 90 пайыз бензини “Газпром” аркылуу келип атат. Бүт “Газпромго” сатып жибердик. Бул Кыргызстандагы антимонополиялык мыйзамдарынын баарынын бузулушу болуп эсептелет. “Газпром” монополия болуп калып атат Кыргызстанда. Эмне үчүн антимонополиялык мыйзам дүйнө боюнча ишке киришкен. Анткени монополия болгондо ал ишкана дурус иш кылышы мүмкүн эмес. Ошон үчүн антимонополияга жогорку көзөмөл болуш керек, же монополияга жол бербеш керек. Монополияга жол бербеш керек деген бул эмне? Бул “Газпром” 30 пайыздан ашыгын албаш керек. Андан башкалар, “Лукойл” алсын, тигиниси-мунусу алсын, казактардыкы, өзбектердики алсын. Ошондо бир киши кранды азыр кармап турат да, ал - “Газпром”. Кудай анын бетин ары кылсын, кокус бир күнү кер-мур боло түшсөк, же Кыргызстанга демократия кылабыз десек, Орусия ошол кранды жаап коет. Мына өзүңөр көрдүңөр, Грузия менен жаңжал чыга электе, эки жыл мурун эле “Боржомисин” ичтирбей, виносун жөнөтпөй, апельсинин киргизбей койгон. Мына ошондой кылып койсо биз эмне кылабыз? Ошондо Кыргызстанда бир күндө будуң-чаң болуп бензин жок калса, чоң кыйроолорго туш келет.

-Мунун алдын алуу боюнча эмне кылыш керек?

Өмүрбек Абдырахманов: - Мунун алдын алуу боюнча биринчиден, антимонополдук мыйзамга жараша иштеш керек. “Газпром” деген ишкана 30 пайыздан ашыгын Кыргызстанда иштетпеш керек болчу. Бирок биздин мамлекет баарын берип таштады. Экинчиси, газ боюнча биздин “Кыргызгаз” ишканасын аларга бергенге эч кандай негиз жок. Аларга кыргыздын газ чыгат деген жерлерин конценцияга берсек болот, ошол жерди издеп, таап, сатсын, ага эч ким каршы эмес. Бирок “Кыргызгазды” толугу менен берип койсок азыр, өзүңөр байкадынар, Базарбай Мамбетов “Газпромдун” кишиси, ал дагы айтып атат Түркмениянын, Өзбекстандын, Казакстандыкын алып атат дейт. Демек бүт Орто Азия боюнча жалаң монополист болуп алып туруп, каалаган өзүнүн ишин жасай берет. Андай учурда Кыргызстан мамлекет катары көз карандысыздыгын толук жоготот десе болот.

-Дүйшөнбек мырза, Өмүрбек мырзанын айткандарына сиздин пикириңиз кандай?

Дүйшөнбек Камчыбеков: – Бул жерден Өмүрбек мырзанын айтып кеткен маселесине мен толук кошулгум келет. Биз чындыгында берилип жаткан “Кыргызгаз” мекемесинин иштөө шартын өзүнчө келишим менен макулдашылып, ошол келишимдер биздин мыйзамдын чегинде жасалса, ошонун ичинде өзүнчө шарттарды коюп туруп, элге иштей турган шарттар менен кабыл алынса деген оюм бар. Экинчиден, мен мындай деп ойлойм, бүгүнкү күндө эгер биз өзүбүздүн республикабызды толук кандуу газ менен камсыз кылып ала турган болсок, мүмкүн ошондой маселени койсок болот эле. Андай шарт болбой атпайбы. Ошого эле бир мисал катары келтирип кетейин, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1 млрд. 200 млн. тоннадан ашык көмүрүбүз туруп, эмне үчүн биз ушул күнгө чейин көмүрдү сырттан ташып келебиз?

- Алайбек мырза, энергетикалык кризситкен чыгуунун тезектен башка, илимий-техникалык негизде чыгуунун кандай жолдору бар?

Алайбек Обозов: – Газ, энергия, бензин боюнча көп сөз болду. Мен ойлойм бүгүнкү күндө Кыргызстанда газ, электр энергияны башка жол менен тапса көп эле жеңилдик алып келе турган жолдору бар. Айтып кетейин, газды дейли, бүгүнкү күндө Кыргызстанда айыл чарбаларда кыктарды жакшы иштетип, алардан жакшы газ алса болот. Бул газды пайдаланып, эл үйлөрүнө жылуулук кылат, андан сырткары кык жакшы жер семирткич болот экен. Бүгүнкү күндө кээ бир мамлекеттер ушул технологияны пайдаланып, миллиондогон чарбалар ушул газды пайдаланып атат. Мына Индия, Кытайды эле алып көрөлү...

- Алайбек мырза,сиз техника илимдеринин докторусуз. Сиздер энергетикалык бөлөк булактарды алуу боюнча кандай ачылыштарды жасадыныздар?

Алайбек Обозов: – Жылуулук насосу деп коет, бул жаңы технология, жердеги, сырттагы сууну жылытып алып үйлөрдү жылытса болот. Экинчиси, күн нуру аркылуу үйгө жарык да, жылуулук да берсе болот. Бул үчүн да атайын жабдыктар жасалган.

- Алайбек мырза, бул маселе боюнча өкмөткө кайрылдыңыздарбы. Алардан кандай жардам болду?

Алайбек Обозов: - Өз убагында биз илимий жагынан изилдеген приборлорду жасап, заводго чейин жөнөткөнбүз. Өкмөткө ушул заводдорду иштетиш керек, элге да тартатыш керек деп көп жолу кайрылып, көп жолу өз сунуштарыбызды бергенбиз. Бирок кабыл алынбай, сөз бойдон калып калган.

- Өмүрбек мырза, буга сиздин кошумчаңыз?

Өмүрбек Абдырахманов: - Туура айтып атат, тезек тергенден башка дагы толгон-токой илимий жактан, азыркы биомассаларды, суунун, күндүн энергиясын алып иштетсе боло турган мүмкүнчүлүктөр абдан толтура. Бирок биздин мамлекетибиз ошолорду жасаган, ошолорду айтып аткан илимий адамдарды күнүгө телевизор, радио аркылуу элге жеткиргендин ордуна, кайра-кайра тезек тергиле эле деп атат. Мына ушунун баардыгы биздин мамлекеттеги башкаруу сиситемасынын эң эле начардыгын, келечекти, азыркы турмушту көралбай, бизди таш доорун көздөй түртүп атканы көрүнүп турат. Бүгүнкү, азыркы парламентте дагы Балкыбеков жана башкаларды айтып атышат уурдап атат деп. Уурдагандарды сурап, отурар жерине отургузуп койбостон кайра чоңойтуп министр кылып атышат. Демек мамлекеттин атайын программасынын негизинде Кыргызстан артты көздөй кетип атат деп ойлойм.

- Рахмат сиздерге.
XS
SM
MD
LG