Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

16:31 Ч.Айтматовдун 80 жылдыгына арналган эл аралык форум шам чырак астында өтүүдө


Бүгүн Бишкек шаарында “Айтматов жана бүгүнкү доор” аттуу эларалык форум өз ишин баштап, анын Кыргыз-түрк “Манас” университетинде уланып жаткан секциясы шам чырак алдында өтүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган окуу жайдын окутуучусу, белгилүү журналист Бакыт Орунбеков билдирди. Анын айтымында, Маданият жана маалымат министри Султан Раевдин электр жарыгын күйгүзүүгө кылган аракетинен майнап чыккан жок жана чет өлкөлөрдөн келген ардактуу коноктор баш болгон жыйындын катышуучулары шам чырак алдында жыйынды улантууга мажбур болушту. (IJz)

XS
SM
MD
LG