Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

АКШнын Ирактагы күчтөрүнүн колбашчысы иш сапары менен Түркияда жүрөт


Генерал Рей Одиерно Түркияга күрд согушкерлери менен күрөшүүгө байланышкан маселелерди талкуулоо үчүн келди. Кечээ ал Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Хасан Игсиз менен жолукту. АКШ армиясы тараткан билдирүүгө караганда, сүйлөшүүлөрдөгү негизги көңүл АКШ Түркиянын күрд жикчилерине каршы күрөшүнө көргөзүп жаткан аскерий жардамына бурулду. Быйыл Түркия ПКК же Күрд жумушчу партиясынын Ирактын түндүгүндөгү базаларына абадан бир нече ирээт сокку урду, ага катар жерден да бир ирээт ири операция өткөрдү.

XS
SM
MD
LG