Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:50

Пакистандын аскерлери согушкерлердин таяныч бекетин ээледи


Пакистан армиясынын билдиргенине караганда, алардын аскерлери Ооганстан менен чектеш, уруулар жашаган Бажаур аймагындагы Лой Сам шаарчасына бүгүн көзөмөл орнотту. Исламчыл согушкерлер аталган шаарчаны быйыл августта басып алган болчу. Пакистандык генерал Тарик Хандын айтымында, эки айга созулган уруштардын учурунда 1500дөн ашуун согушкер жок кылынды, армиянын 172 аскери каза тапты. Ошондой эле коопсуздук күчтөрү 300дөн ашун чет элдик согушкерлерди туткундады. Алардын көпчүлүгү Ооганстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келгендер.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG