Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Ооган башкааласы Кабулда бүгүн кайрадан атышуу орун алды


Андан эки чет элдик жана бир жергиликтүү тургун каза тапты. Кабулдун полиция башчысынын орун басары Алишах Ахмадзайдын "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун ооган кызматына билдиргенине караганда, атышуу почта жана жүк ташуу менен алектенген эл аралык Ди –Эйч – Эл компаниясынын кеңселеринин сыртында болгон. Андан каза тапкан эки чет элдик – германиялыктар. Ушул аптанын башында эле Кабулдагы атышуудан гуманитардык уюмда иштеген чет элдик бир аял кызматкер мерт болгон эле.

XS
SM
MD
LG