Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:43
Бул жумада ШКУга мүчө мамлекеттердин 2-эл аралык Ысык-Көл фестивалы өттү. Ага бир катар мамлекеттердин киноишмерлери келишти. Уюштуруучулардын билдирүүсүндө фестивалга 16 өлкөдөн 132 тасма келип түшкөн. Ал чыгармаларды атайын түзүлгөн комиссия карап чыгып, 13 толук метраждуу фильмди тандап алышкан.

Бул кинофестивалга көпчүлүк белгилүү Голливуд киножылдызы Марк Дакаскос да келди. Актер -Мен Кыргызстан тууралуу, анын кооз жерлери жана Ысык-Көлү жөнүндө көп уккам, эми ошол баалуулуктарды өз көзүм менен көрөйүн деп келип калдым- деп билдирди.

Бул жуманын дагы бир орчундуу маданий окуясы бул эл аралык “Арт Ордо” театр фестивалы. Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесиниин урматына уюштурулган бул маданий иш-чарада коңшулаш мамлкеттерден келген театрлар жана кыргыз артисттери Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди тартуулашууда.

Ал эми 26-октябрда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында залкар жазуучунун “Кызыл жоолук жалжалым” чыгармасы боюнча композитор Владимир Власовдун бир актылуу “Асел” балети жана композитор Владимир Романдын “Жамилия” балети тартууланмакчы.

Испаниялык актер Антонио Бандерас Голливуддан кетүүнү чечкен, анын айтуусунда ал мекени Испанияга кайтып барып, ал жерде кино тартмакчы. Ал өз сөзүндө Испанияда актер катары гана эмес, кинематографист катары да эмгектенерин билдирген. Ал тургай жарата турган тасманын сценарий да даяр болуп калган.

Татарстандын Эмгек сиңирген артисти, россия шоу-бизнесинин өкүлдөрүнүн бир Алсу жаңы альбомун чыгарганга даярданууда. Ыр жыйнактын өзгөчөлүгү болуп ага кирген чыгармалар эсептелинет. Маалыматтарга караганда, альбомго кирген 11 композициянын баардыгы татар тилинде болмокчу. Ырчынын директору Сергей Фадеевдин айтуусунда, анын жарымы атайын Алсу үчүн жазылган оригиналдуу чыгармалар болсо, ал эми калганы татар элдик ырлары. Алсунун жаңы диски ноябрь айында сатыкка чыгат.

Белгилүү ырчы Мадонна турмушундагы болуп өткөн маанилүү окуядан кийин, башкача айтканда жолдошу кинорежиссер Гай Ричи менен официалдуу түрдө ажырашкандан кийин алгачкы жеке концертин берди. Ырчы айым Бостондогу концертинде жеке жашоосунда болуп өткөн мындай бурулушка эч өкүнбөй тургандыгын айткан.

Санкт-Петербургда 17-эл аралык “Балтия үйү” аттуу театр фестивалы жыйынтыкталды. Ага Эстония, Дания, Латвия, Орусия жана башка бир катар мамлекеттерден театр жамаатары катышып, баардыгы болуп 16 спектакль көрсөтүлгөн. Фестивалдын жүрүшүндө китептердин көргөзмөсү жана устаттык сабактар уюштурулуп, Александрин театрынын көркөм жетекчиси Валерий Фокиндин чыгармачылыгынын 40 жылдыгына карата конференция өткөрүлгөн.

Айжан Шаботоева
XS
SM
MD
LG