Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:59

Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 80-жылдыгына арналган эл аралык форум башталды


Бүгүн Бишкекте мамлекеттик филармонияда “Айтматов жана бүгүнкү доор” аттуу эл аралык форум ачылды. Форумга “Диалог Евразия” платформасынын мүчөсү болгон он бир өлкөнүн жана түрк тилдүү калктарды бириктирген ТүркСОЙ уюмуна кирген он төрт мамлекеттин маданият министрлери жана ишмерлери катышты.

Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры маркум Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине арналган “Айтматов жана бүгүнкү доор” аттуу эл аралык форум Чыңгыз Айтматовдун “Ата-Бейиттеги” бейитине гүл коюу менен ачылып, андан ары мамлекеттик филармонияда уланды.

-Аталган Форум кыргыз өкмөтү белгилеген “Айтматов жылынын” алкагында өтүп жатат. Форум Европа менен Азиянын акын-жазуучуларын, маданият ишмерлерин бириктирип, бир топ маселелерди талкуулоого шарт түзүп отурат,-деди форумдун ачуу учурунда сүйлөгөн сөзүндө мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу.

Өткөн жылы Түркия мамлекети Элазыг шаарында түрк тилдүү элдердин эл аралык жыйынын өткөзүп, жыйында Чыңгыз Айтматовду “Түрк дүйнөсүнө сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн” сыйлыгы менен сыйлаган эле. Быйыл болсо Айтматовду ТүркСОЙ уюму өзүнүн сыйлыгын Чыңгыз Айтматовго ыйгарды. Аталган сыйлык маркумдун үйбүлөсүнө тапшырылат.

Жыйында чыгып сөз сүйлөгөн Түркиянын маданият жана Туризм министри, ТүркСОЙдун жетекчиси Эртугрул Гюнай мырза сөзүндө Мухтар Шахановдун поэзиясынан мисал тартты:

-Азия чөлкөмүнөн атагы алыска кеткен эки Чыңгыз чыкты. Бири колуна кылыч алса, бири колуна калем кармады. Бири кылычы менен дүйнөнү чөгөлөтсө, бири калеми менен дүйнөнү муютту, боорукерликке, мээримдүүлүккө ийитти... Биз түрк эли Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен, ал адамдын өзү менен чексиз сыймыктанабыз.Чыгармалары дүйнөнүн эң көп тилине которулуп, бирок Айтматов Нобель сыйлыгын албай кетти. Биз быйыл ТүркСОЙ уюму Нобель сыйлыгына Айтматовду көрсөтүп жаткан элек. Бирок Нобелден да кымбат Адамзат сыйлыгы бар. Айтматовдун чыгармалары Адамзатка кызмат кылмакчы. Айтматов бизге жол көрсөтүп бараткан биздин Күнүбүз.

Кыргызстандын жана Казакстандын Эл акыны Мухтар Шаханов Чыңгыз Айтматов менен чыгармачылык тыгыз байланышта болуп келди. Жыйында Мухтар Шаханов - Айтматов адамзат туюмуна “маңкурт” деген түшүнүктү аңдатканы менен адамзаттын өнүгүүсүнө үлкөн бурулуш киргизгенин баса белгиледи:

-Дүйнөдө канча бир мамлекеттерди кесип аралап өткөн дарыялар болот. Айтматов ошол сыңары, дүйнөнү аралап кесип өтүп кетти... Эгер Айтматов маңкурт тууралу жазбаганда, адамзат бүгүн кыйла артта калмак... Ал өз чыгармалары аркылуу адамзаттын акыл-эсин кыйла алга жылдырды... Мен Чыңгыз Айтматовду бүгүнкү күндүн Манасы деп билем. Ал кыргыздын Чыңгыз Тоосу.

Айтматовдун 80 жылдык мааракесине арналган эл аралык форумдун секциялык жыйындары Кыргыз Улуттук университетинде, Улуттук илимдер академиясында, кыргыз-түрк “Манас” университетинде жана “Ата-түрк Алатоо” университетинде өтүп жатат.
XS
SM
MD
LG