Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:58

Ырысбай Абдыраимов, Жалал-Абат Жалал-Абат мамлекеттик университетинин катардагы мугалимдери илимдин кандидаттары менен докторлоруна түзүлгөндөй шарт көрүлбөй, келишимдик акылардан түшкөн каражаттар эмгек акыга туура эмес кошулганына нааразы болушууда. Маянаны көбөйтүү талабы менен 98 мугалим кол койгон кайрылуунун негизинде окуу жайда 22-октябрда жыйын да болуп өткөн. Анда университеттин ректору үйрөнчүк окутуучудан тартып, илимдин докторуна дейре эмгек акыга кошумча кандай талап-жагдайларга ылайык кошулганын түшүндүргөн. Бир топ мугалимдер талаптары аткарылбаганы үчүн эми билим берүү министри менен губернаторго жана Жалал-Абат шаардык кеңешине кат даярдоону чечишти.

Университеттин илимий даражасы жок мугалимдери өздөрүнө караганда окуу жайдагы окумуштууларга көп айлык кошулганына нааразы болушууда. Үйрөнчүк окутуучу менен илимдин доктору, профессордун айлыктарында үч эсе айырма бар. Бир жарым ставка иштеген мугалим айына 3727 сом, окутуучу - 4393 сом, ага окутуучу – 5564 сом, илимдин кандидаты-доцент – 7074 сом, профессор – 9363 сом алат. Университеттин ректору Абдиумаматкадыр Ашыралиев окуу башталаарда айлыкты көбөйтүү тууралуу берген убадасына турганын айтты.

- Жаштардын арасында кээ бир провокаторлор сөз таштап коюп атат ушундай кылсаңар дагы көбөйтүп берет деп. Мен баардыгына түшүндүрүп айттым, быйылкы жылы издеп жүрүп резерв таап, университеттин айлык фондун былтыркы жылга караганда 11 млн. 200 сомго көбөйттүк. Анан ошону квалификациясына жараша бөлүштүрүп бердим. Албетте, ичинен нааразы болгондор чыгат, кээде катачылык кетип бухгалтерия тарабынан эсептөөсү туура эмес болуп калышы мүмкүн. Кызыкдар кишилер бар, ушул жерден бир тополоң чыгып кетип, ошонун айынан ректор ишинен алынса, жаңы шайлоо болсо, анан мен ушул жерге өтүп каламбы деп үмүт кылгындар болушу мүмкүн, - деди ректор Абдиумаматкадыр Ашыралиев.

Маянага кошумчалар үйрөнчүк окутуучунун айлыгынын 77 пайызын, окутуучунун 88, ага окутуучунун 95, илим кандидаты – доценттин 125, илимдин доктору- профессордун 195 пайызына барабар болууда.

Университеттин окутуучусу Кеңеш Ибраимов келишимден түшкөн каражаттар окуу жайдагы бардык мугалимдерге бирдей деңгээлде бөлүнбөгөнүнө капа. Анын айтымында айлыгы аз октуучулар батирлерде жашайт. Мурдагы күнкү жыйындан да жыйынтык чыккан жок, талаптар аткарылбады:

- Доктор, кандидат науктардын баардыгы үй менен камсыз болушкан университеттин эсебинен. Окутуучунун көпчүлүгү азыр квартирада аз айлыгы менен. Биздин мугалимдер үчүн жашоо минимуму өтө төмөндөп кетти. Контракт негизде окуткан сааттар үчүн акча төлөнгөн жок. 2008-жылы 1-январдан баштап президенттин указы менен маянаны 30 пайызга жогорулаткан. Ал бизге бюджет боюнча, бирок контракт боюнча төлөнгөн жок. Биздин талабыбыз бирдей пайызда көбөйсүн дегенбиз. Бизде болсо каалагандай сумманы өзүлөрү окумуштуулар кеңешинде чечип коюп алышкан.

Окуу жайдын улуу мугалими Алтын Термечикова окуу жайдагы окумуштуулардын айлыгынын көбөйгөнүнө каршы болгон жок. Анын эсеби боюнча түрдүү кармоолордон кийин колго тийген каражатка үй-бүлөнү багуу мүмкүн эмес. Ректорго кайрылуудан майнап чыкпаган соң, карапайым мугалимдер жогорку уюмдарга арызданганы турушат:

- Ректор мугаимдердин айлыгын мындан ашык көтөралбайм деди. Койгон пайыздарды өзгөртпөйм деп атат. Облустук администрацияга, шаардык кеңешке, билим берүү министрине кайрылып көрөбүз.

Жашоо оорлоп, кымбатчылык күчөгөндө коомчулуктун кыжырдануусу мыйзамченемдүү көрүнүш. Кесиптештеринин капасынан ушундай тыянакка келген философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын октуучусу Камчыбек Сабиров айлыктардын бирдей болбогонун белгилеп, ректордун «нааразы болгондорду кызматка кызыккандар түрткүлөөсү ыктымал» деген божомолун кубаттаган жок:

- Биз өзүбүз шайладык ректорду. Өзүнүн срогун өткүчө бизде андай кызыкчылык деле жок. Биздин талабыбыз экономикалык талап болуп жатат азыр, саясий кызыкчылык жок.

Университеттин дагы бир мугалими Зульфия Асилова оп-чап маяна менен жашоо оорлошуп калганын ортого салды:

- Азыркы мезгилде базардагы баалардын көтөрүлүшүн караганда азыркы айлыгыбыз эч нерсеге жетпейт. Мисалы бир баланы садикке алып барып, ага керектүү кийим алыш үчүн 2 миң акча зорго жетет. 2-3төн балдары бар мугалимдерге кыйын. Айлык акыны көбөйтүш керек.
XS
SM
MD
LG