Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:25

Эмдиги жылдан тарта Кыргызстанда жаңы Салык кодекси ишке кирет. Негизги экономикалык мыйзам салык төлөөчүлөр менен салыкчылардын ортосундагы укуктук мамилелерди аныктайт. «Азаттыктын» «бетме-бет» талкуусунда жаңы Салык кодексинин өзгөчөлүгү, айрым экономикалык проблемалар жайында кеп болду.



Табылды Эгембердиев, «Шоро» компаниясынын негиздөөчүсү.



Адылбек Касымалиев, Мамлекеттик салык жана төлөмдөр комитетинин төрага орунбасары.



Бекташ Шамшиев, “Азаттык”.


- Адылбек мырза жаңы Cалык кодексинин мурункусунан өзгөчөлүгү жөнөкөй түшүнүктүү жазылгандыгында элеби?

Адылбек Касымалиев: - Жаңы Салык кодексинин ушу азыр иштеп жаткан кодекстен биртоп эле айырмасы бар. Биринчиден, салыктардын саны азайды. Бүгүнкү күндө алардын саны 16 болсо анын 8 эле калып атат. Экинчиден, салыктын өлчөмдөрү азайды. Бул жерден белгилеп кетким келет, кошумча нарк салыгы 20%дан 12%га төмөн түштү. Өзгөчө кырдаалдар, автожол, сатуудан түшчү салыктар бүгүнкү күндө 1,5, 0,8, 4% - 6,3% болсо анын ордуна сатыктан алынчу бир гана салык кирди. Анын ставкасы 1,5%, 2,5%, кошумча нарк салыгын төлөбөй жүргөндөр үчүн 2,5% жана 3,5% болуп белгиленди. Чакан ишканалар бирдиктүү салык төлөп жүрүшкөн. Анысы 10% болчу, эми ал 6% түшөт. Анан да текшерүү принциптери таптакыр өзгөрүлдү. Буга чейин ишкерлерди бир жылда текшерүү болуп келсе жаңы Салык кодексинде салыкты убагында төлөгөн ак ниет салык төлөөчүлөр такыр эле текшерилбей калышы мүмкүн. Алардын 5% гана текшерилет. Аны да биз салыкчылар өзүбүз тандабайбыз. Бир программа түзгөнбүз ошол программа чыгарып берет. Үчүнчүдөн, буга чейин өкмөт токтому, Жогорку Кеңеш токтому менен бекитилип келгендин баары бир китепке жазылды. Бул салыкчылар менен төлөөчүлөр үчүн абдан жакшы. Бир жерден кодекстен гана окушат. Анан салык төлөөчүлөр менен салыкчылардын укук-милдеттери толугу менен жазылып чыкты. Эгерде Салык кодексинин бир жеринен карама-каршылык чыгып калса ал салык төлөөчүнүн гана пайдасына чегерилет.

- Табылды мырза, салык төлөп келаткан ишкер катары айтсаңыз. Жаңы Салык кодексинде ишкерлер үчүн оорчулук келтирчү жагдайлар барбы же бул прогрессивдүү кодекспи?

Табылды Эгембердиев: - Эми аны иштегенде көрөбүз. Мен өзүм парламентке барып, «мобу жер салыгын киргизигиле, кыймылсыз мүлк салыгын киргизгиле, менин деле шаарда 10 гектир жерим бар, 10 000 чарчы метр жерди ээлеген ишканам бар. Мен ошонун салыгын төлөөгө даярмын» деп келдим. Бул Салык кодекси биртоп эле прогрессивдүү деп эсептейм. Менин азыр колум бошобойт. Телекөрсөтүүдөн чала көрүп калдым. Салык кодексинин 2-окуудан өткөрүп жатышкан экен. Аябай таң калдым. Анан жарык өчүп калса болобу…

- Адылбек мырза, жаңы Салык кодекси кабыл алынса бюджетке 6 миллиарддай сом түшпөй калат деп айтып жүрүштү. Эгер андай болсо салык саясаты катуулашы мүмкүнбү же салык саясаты ушу калыбында эле кала береби?

Адылбек Касымалиев: - 6 миллиард сом деген мындай. Кошумча нарк салыгынын өлчөмүн 20%дан 12%га түшүрүп жатканда чыгаша 6,4 миллиард болот деп жатышкан. Бул сандар экономикалык өсүштү эсепке албай, 2008-жылдын бюджетинен эле эсептелинип чыккан болчу. Бирок башка салыктар кирип жатпайбы. Мүлк салыгы, анан бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарына да салык киргиздик. Эми аны көзөмөлгө алабыз. Ошолорду эсептей келгенде 2,3 миллиард чыгаша болору айтылган. Экономика өсүп жатканын эсепке алып жатабыз. Анан мамлекет ишкерлерге ушунча жеңилдиктер берип жатканда аларда бошогон каражаттарды өндүрүшкө жумшап, андан түшчү салыктар көбөйөт го деп ойлойбуз. Толук көрсөтпөгөндөр толук көрсөтөт. Үчүнчүдөн, көмүскөдө жүргөндөр коңулдан чыгып, ошонун натыйжасында салыктын базасы көбөйүп, ал көп чогулат го деп ойлойм.

- Табылды мырза, жаңы Салык кодексинин аркасы менен көмүскө экономика ачыкка чыгабы? Ушуга улай дагы бир суроо, жер салыгы, кыймылсыз мүлк салыгы ишкерлерге оорчулук келтирбейби?

Табылды Эгембердиев: - Эч кандай зыян келтирбейт. Мына азыр Aдылбек экөөбүз эсептеп көрдүк. Эгер жер аянты миң чарчы метр болсо анын бир жылдык салыгы 50 миң сом болот экен. 10 000 чарчы метр болсо жарым миллион сом болот экен. Бул биздин компанияга эч кандай оорчулук келтирбейт. Тескерисинче бул салыктан өндүрүштө иштеп аткандар утабыз. Салыктын атасы эле кошумча нарк салыгы. Анны 20%дан 12% түшүргөнү бул эрдик. Анан жүгүртүүдөн алынчу салык жалпысынан мурда 6,3% болсо эми 2,5% болуп калыптыр. Бул дагы жанагы майда-чоң көмүскө экономиканын коңулдан чыгышына шарт түзөт. Анан кыймылсыз мүлк салыгы. Азыр байлар бар, арасында мен да бармын. Эми ошолордун 1000 чарчы метрлик үйлөрү бар. Орто эсеп менен 300 чарчы метр үйү болсо жаркыраган, жаркырабаса деле бышкан кирпичтен Бишкекте салынса 12 – 13 миң сом эле төлөйт экен. Андай үй салган адамдын бир жолу эле ресторанга барып жок кылган акчасы. Ушунун баарын мамлекеттик каттоо жакшы иштеп эсептеп алса “көп түкүрсө - көл”, биртоп акча түшөт экен. 2 миллиард сом деп атасыңарбы?

Адылбек Касымалиев: - 2 миллиард эмес. Үйлөрдөн, квартиралардан түшчү акча катары 750 миллион деп киргиздик. Бул жаңы салык болгону үчүн бизге орчундуу маселе болуп жатат. Ошон үчүн биз райондон борбордук аппаратка чейин ушул мүлк салыгы боюнча бөлүмдөрдү түздүк. Алар мамлекеттик каттоо менен тыгыз иштеп, базага маалыматтарды чогултуп жатабыз.

- Ушуга улай эле дагы бир суроо. Кыймылсыз мүлк салыгынын өлчөмү өтөле аз болуп жатат деген пикирлер айтылууда. Эмне үчүн андай?

Адылбек Касымалиев: - Мен жана айтып кетпедимби, бул жаңы кирип жаткан салык болуп жатат. Ошон үчүн чийки кыштан, самандан тургузулган тамдарга аны киргизбей эле туралы деп бул маселе Жогорку Кеңеште талкууланып жатканда көп сөз болду.

- Табылды мырза, кошумча нарк салыгынын азайышы бюджетке түшчү акчанын азайышына алып келеби же ал ишкерлердин иштешине шарт, жакшы өбөлгө түзүп береби?

Табылды Эгембердиев: - Биринчи жыл чыдап беришибиз керек. Жана революциядан кийин да бир жыл калдактап эсибиз ооп жүрбөдүбү, ошондой болот. Анан баары өз нугуна түшөт. Бизнестин арымы кеңейет. Мен буга бөркүмдөй ишенем. Ар бирибизде, жашырганда эмне, резерв бар, көмүскө дегендей. Анан бул жерде капиталдаштырууга жол ачылды. Андай болгондо фирманын өзүнүн акцияларынын да баасы көтөрүлөт. Капиталдаштыруунун аркасы менен кредит алууга шарт түзүлөт. Байлар өзү бөлүштүрүшү керек. Салыкты коркпой төлөп, тынч уктагандан өткөн ыракат бул дүйнөдө жок. Белгилүү бир деңгээлден өткөндөн кийин салыкты төлөгүң эле келип урат. Себеби документиңди алып банка барсаң тигил жагыңда эч нерсе жок.

- Адылбек мырза, мына салыктардын саны азайды. Жоюлуп кеткен салыктардын ордун эмне менен толтурасыздар?

Адылбек Касымалиев: - Кошумча каражаттар чогулуп ал өндүрүшкө жумшалат. Анан биртобу көмүскөдөн да чыгат деп ойлойм.

- Табылды мырза, жаңы Салык кодексинен кийин көмүскө экономика коңулдан чыгышы мүмкүн делген ой айтылып кетти. Сиз да ошондой ойлойсузбу?

Табылды Эгембердиев: - Мен деле ошондой деп эле ойлойм. Себеби көбүбүз кошумча нарк салыгынан коркуп эле жашырчубуз да, жашырганда эмне. Мына кошумча нарк салыгы азайыптыр, 12% бул абдан туyра. Андан да жаман салык бар жүгүртүүдөн түшчү салык деген. Ал деле 6%дан 2,5% түшүптүр го. Бул кошумча нарк салыгынан да жаман. Дээрдик 2 эсе, 3 эсе азайыптыр, чынбы?

Адылбек Касымалиев: - 2009-жылы 2,5% болсо, 2010-жылы 2% болот.

Табылды Эгембердиев: - Эки жылдан кийин 2% түшөт деп атат. 17 жылдан кийин өкмөттүн башы ушуга жетиптир да. Бизге окшогон «өгүздөрдүн» жемин талашпай, ушундай тобокелдикке барыш керек болчу. Адамдык фактор деген бар. Жылда текшерилчү 5% программа аркылуу машине аныктап берет экен. Салыктын кандай түшкөнү белгилүү. Анан жыл сайын папкесин көтөрүп алып барып текшере берчү.

- Адылбек мырза, Жаңы Салык кодекси көп жыл жазылып, көп талкуудан өттү. Сиз анын башынан аягына чейин катыштыңыз. Кайсы маселелер кодексте жакшы, терең иштелбей калды. Мына, сатуудан алынчу салыктын айланасында дагыле талаш жүрүүдө. Мындай жерлер барбы?

Адылбек Касымалиев: - Жаңы редакцияны жазуу иши 2003-жылы башталган. 2008-жылы кабыл алынып жатат. Чогуу каралып, быйыл жайында биринчи окуудан өттү. Андан кийин кодекске 700 ашуун пикир, сунуштар келип түштү. Анын 300дөйүн кабыл алдык. Мен ойлойм, мына ушул Салык кодексинде ишкерлердин кызыкчылыгы менен мамлекеттин кызыкчылыгынын балансыбы болдубу деп. Негизи идеалдуу Салык кодекси болушу мүмкүн эмес. Кийин мүмкүнчүлүгү келгенде бул деле өзгөртүлөт болуш керек.

Табылды Эгембердиев: - Мен Адылбекке бир суроо берейин дедим эле. Жер салыгы мурунку бойдон эле калдыбы?

Адылбек Касымалиев: - Жер салыгы мурун кандай төлөнсө ошол көлөмүндө эле калды. Ал өткөн жылы каралган.

Табылды Эгембердиев: - Ошону эмне көбөйтпөдүңөр? Мына Бишкекте азыр бир сотук жердин басы 10 000 доллар. Азыр берейин дегендер бар. 1 гектир жер 10 миллион болобу? Анан ошого 100 сом төлөп коюп отурбайбызбы. Менде 10 гектир жер бар. Мен төлөгөнгө даярмын. Ушул жерде резерв бар. Эмнеге бул кошулбайт?

- Сөзүңүзгө аралжы. Жер салыгы, кыймылсыз мүлк салыгынан тышкары атайын салык – патент системасы кандай болушу керек?

Табылды Эгембердиев: - Патент керек. Патент алып иштеп андан чоң ишкер болуп чыккандар бар. Эми анан патент алып алып, бирок менден көп акча тапкандар деле бар. Каржы амнистиясын жарыялап, анан керектөө салыгы деген болот, ошону салыш керек. Үй салдыңбы, акчаны кайдан алдың, көргөз! Машинени кайдан алдың, көргөз! Ушуга жетишибиз керек. Антпесек, көрүп атпайбызбы, 4 кабат үй салып, 10 машине тепкендерден бирөө барып сураш керек да. Бизди, жер айдап жүргөн өгүздөрдү, кайтарбай, тетиги жакта оюн салып жүргөн өгүздөрдү кайтарыш керек да. Эмнеге оюн салып жүргөнүн сураш керек. Ушуга өтүш керек. Бул экинчи этап болот го. Мен ушуну колдойт элем. Мен бизнесмен катары мынабу минип жүргөн машинеми, салып койгон тамыма кайдан акча тапканымы айтып беришим керек. Аны уурдабаганымды айтып беришим керек.

- Адылбек мырза, чын эле финансы амнистиясы кечеңдеп жатат…

Адылбек Касымалиев: - Былтыр беле, мыйзам кабыл алынган. Бирок Жогорку Кеңеште карап жатышканда төлөнчү акчанын көлөмүн көбүрөөк кылып коюшкан. Биз долбоорду киргизип жатканда ачыкка чыгуу маалында коркуп салык төлөбөй калгандарга мүмкүндүк бергенбиз. Бирок Жогорку Кеңеште эки-үч беренени салык төлөбөгөндөрдү ачыкка чыгарууга болбойт деген беренени кошуп коюшкан. Ошондон мыйзам иштебей калган. Жашырып жүргөндөр төлөгөн жок да. Азыр экономика министри дагы киргизип жатат. Мынабу Салык кодекси киргенче легалдаштырып алсак жакшы болот эле. Кийин көзөмөлдөөгө жакшы.

Анан патент системасы бул кодексте деле калды. Бирок аны акырындан азайтышыбыз керек. Кичинекей сатып аткандар калыш керек. Мисалы, «Дордойду» алсак кээ бир контейнерлердин кирешеси өтөле чоң. Биз хронометраж өткөрүп жүргөндө бир айда миллиондогон сомдорду айланткандарды көргөнбүз. Ошолордун патент акысын көбөйтүп, акырындан эсеп жүргүзгөнгө көндүрүшүбүз керек. Биз жалпы жарыя кылууну киргизип жатабыз. 2009-жылы жеке кишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер, укуктук жактар беришет. 2010-жылдан тарта бардыгынан ала баштайбыз. Ошондо бизде көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүндүк болот. 10 үйү барларды таап аларды суроого мүмкүндүк болот, акчаны кайдан алдың, канча салык төлөдүң? Бирдиктүү салык декларациясын киргизсек көзөмөлдөөгө мүмкүндүк болот.

- Мырзалар, келип куруп берген маегиңиздер үчүн чоң ырахмат! Ишиңиздерди ийгилик жылоолой жүрсүн!
XS
SM
MD
LG