Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:09

Дүйнө лидерлери каржы реформасын убада кылышты


Азия менен Европанын лидерлери глобалдык каржы системасын кайра карап чыгууну бүгүн Кытайда аяктаган жыйында убада кылышты. Тез жана маанилүү өзгөрүүлөр зарылдыгын жыйында БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун да белгиледи. Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Барросонун айтымында, эми Вашингтондогу саммитте "конкреттүү жана маанилүү" чечимдерге жетүү мүмкүн.

Германиянын канцлери Ангела Меркел Европа –Азия саммитинде кечээ каржы тариби боюнча жаңы планды сунуш кылды. Андагы чаралар каржы базарларында көзөмөлдү жана айкындуулукту күчөтүүнү да камтыйт. Пекиндеги эки күндүк жыйынга Еврошаркеттин 27, Азиянын 16 өлкөсү катышты. Каржы кризисине каршы чаралар эми 14-ноябрда, Вашингтондо дүйнөнүн өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан ири өлкөлөрүнүн саммитинде талкууланары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG