Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:53

11:25 Калдарбек Абдраманов : Жарыктын өчүп калышынан кооптуу абал түзүлүп жатат


Мындай пикирин “Азаттыкка” Жүрөк хирургиясы илим изилдөө институтунун жетекчиси Калдарбек Абдраманов билдирди. Анын айытымында, ооруканада жарык маал-маалы менен өчүрүлбөсо дагы, кээде өчүп калган учурлар болуп жатат. Мунун айынан жакында эле 25 млн. сомдук жүрөк оорулуулардын диагнозун аныктоочу жабдык бузулуп калган. К. Абдрамановдун айтымында, баалуу жабдык оңдолду, бирок эгерде мындай көрүнүштөр кайталана берсе, ал такыр иштен чыгат. Ошодой эле операция учурунда жарык өчкөн учурлар болуп жатат. Андайда механикалык жол менен операцияны бүтүрүүгө туура келүүдө, бирок бул өтө кооптуу. “Бул маселе боюнча биз тиешелүү жактарга кат жаздык, бирок азырынча өзгөрүүлөр жок”,- дейт К.Абдараманов.(AiJu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG