Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

16:11 “Азаттыктын” мурдагы кабарчысы журналисттер арасында өткөн сынакта финалга чыкты


Учурда Тынчтык жана согушту чагылдыруу институтунун (IWPR) Бишкектеги редактору болуп иштеп жаткан Аида Касымалиева Азиядагы өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин журналисттери арасында өткөн сынакта жеңүүчүгө талапкерлердин бири аталды. Сынакты Азия Өнүктүрүү банкы уюштурган. Калыстар тобу А.Касымалиеванын үй-жайсыз калгандардын тагдырын чагылдырган макаласын мыкты деп табышкан. Ал буга чейин, ушул эле сынакта эки жолу финалдык сынакка чыккан болчу. А.Касымалиева Борбор Азиядан быйылкы финалга чыккан жападан жалгыз журналист, 14-ноябрда сыйлыкты алуу аземине катышуу үчүн Токиого бармакчы. Ал быйылкы август айына чейин “Азаттык” үналгысында кабарчы, “Азаттык+” жаштар берүүсүнүн сыналгы продюсери болуп иштеп келген.(AiJu)

XS
SM
MD
LG