Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Италиянын премьер-министри Казакстанда иш сапары менен болду


Италиянын премьер-министри Силвио Берлускони Казакстанда иш сапары менен болуп, өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Казак президентинин басма сөз кызматынын кабарлашынча, Берлускони жана Назарбаев Астанада эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо тууралуу сүйлөштү. Италиянын премьер-министринин сапары тууралуу алдын-ала кабарланган эмес. Берлускони Кытайдагы иш сапары карыган соң, Бээжинден кайтып келе жатып орто жолдо Казакстанга токтой кетти.

XS
SM
MD
LG