Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад катуу чарчагандыктан улам ноокастап калганы кабарланды


Бул тууралуу президенттин жакын ынтымакташы, депутат Мохаммад Исмаил Ковсариге шилтеме жасап, расмий ИРНА маалымат агенттиги билдирди. Парламент депутатынын айтымында, президенттин саламаттыгынын начарлашы анын көп иштегендиктен чаалыккандыгына байланыштуу болду. Ковсари президент Ахмадинежад жакында сакайып кетерин жана ишин улантаарын кошумчалады. Депутат президенттин саламаттыгы тууралуу башка кеңири маалымат берген жок. Кабарларга караганда, Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад күнүгө 20 сааттан иштейт жана соңку күндөрү калайык алдында чыкпай жүргөн.

XS
SM
MD
LG