Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Эпкин айылынын жол тоскон тургундары күч менен таратылды


Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Темиркан Субанов “Азаттыктын” кабарчысына берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, Кант-Бишкек жолу стратегиялык маанидеги жол болгондуктан аны тоскондорду күч менен таратууга мажбур болушту жана ага Чүй облустук атайын даярдыктагы отряд жана 50 чакты милиционер тартылды. Жогорку Кеңештин 30-сентябрдан бери дайынсыз жоголуп жаткан депутаты Руслан Шаботоевдун Эпкин айылындагы жердештери тергөө ачык жүргүзүлүп, натыйжа чыгарылсын деген талап менен бүгүн эртең менентен тарта Кант-Бишкек жолун тосушкан болчу.

XS
SM
MD
LG