Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

Р.Шаботоевдун айылдаштары Кант-Бишкек жолун тосуп турушат


Айылдагы мектептин директорунун орун басары Азиз Зарлыковдон алынган маалымат боюнча, бүгүн саат сегизден бери Кант-Бишкек жолунун Люксембург айылынын тушунан 300дөй адам жолду тосуп турушат. Азыр жолдон өтө албай жаткан автомашиналардын саны 60ка жетип, жол тоскондордун талабын угуу үчүн Ички иштер министринин орун басары Сабырбек Курманалиев, Чүй облусунун прокурору жана райондун акими барышты. Жол тоскондор депутат Руслан Шаботоевду издөө иши ачык жүргүзүлүп, маалыматтар ачык берилсин жана тергөө натыйжа бергидей аракет көрүлсүн деген талаптарын айтышты. Депутаттын айылдаштарынын талабы менен таанышуу үчүн ал жерге уулу дайынсыз жоголуп жаткан депутат Жусуп Жээнбеков да барды.

XS
SM
MD
LG