Мындан тышкары 40 үй-бүлө, тагыраагы 125 киши тез курулуучу үйлөргө көчүрүлдү. Кырсыктан жабыркагандар арасында азык-түлүк, отун-суу жагынан проблема жок. Ошол эле учурда айырым нуралыктардын «Азаттыкка» кабарлаганына караганда, телефон байланышы начар, элдин тууган-уруктары менен карым-катышы олуттуу көйгөйгө айланууда. (АТо)