Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:58

Нарында кайтып келген эмгек мигранттарына колдоо көрсөтүлөт


Мындай билдирүүнү 27-октябрда «Naryn.kg» медиа борборунда өткөн маалымат жыйынында Нарын шаарындагы «Занятость» коомдук бирикмеси таратты. «Кайтып келген эмгек мигранттарын социалдык экономикалык колдоо» деп аталган мыйзамдын долбоорун жер-жерлерде тааныштырып колдоо алып, Жогорку Кеңешке сунушталууда. Аталган коомдук бирикменин жетекчиси Бейшенбек Турсунбаевдин айтымында эмгек мигранттарына тиешелүү мыйзамдык колдоолор жана адам сатууга туш болгондордун өздөрүнө, алардын үй-бүлөлөрүнө психологиялык жардамдар зарыл. Анткени, чет өлкөгө Нарындан кеткен эмгек мигранттарынын айрымдары ошол жактан аракечтиктен кайтыш болгон фактылар бар. Нарын облусунда да эмгек мигранттарынын так саны жок, андыктан кийинки жылы өтө туруучу эл каттого бир пункт кылып киргизүүнү сунушталып жатат. Алар жүргүзгөн сурамжылоодо Нарын шаарындагы ар бир төртүнчү үй-бүлөдө эмгек мигранттары бар экени билинген. «Занятость» коомдук бирикмесине 700дөн ашык адам кайрылып, алардын 124 ар кандай жумуш менен камсыз болгон. (JI)

XS
SM
MD
LG