Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:32

28-октябрда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүү болоору күтүлүүдө


Коңшу өлкөлөр ортосундагы чек ара тилкелерин делимитация жана демаркация жасоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын олтуруму Өзбекстандын Фергана шаарында 28-октябрдан 2-ноябрга дейре өтөт. Ага губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбанов баштаган облустук делегация да катышат. Анын айтымында бул жолу чек ара маселесин сүйлөшүү жараяны улантылат. Облустук өкүлчүлүк соңку ирет кезектеги жолугушууда комиссиялар мурда кабыл алган токтомду аткаруу жана Аксы, Алабука райондорунун аныктоону талап кылган жайлар маселесин кароону өзбек тарабына сунуш кылган. Чек араларды тактоо жаатында паритеттик комиссиялар чече албай турган жайлар да бар. Мамлекеттердин арасында 21 жай аныктоону талап кылууда. Обулус менен Өзбекстандын ортосунда турган 714 чакырымга созулган чек аранын 573 километри буга чейинки сүйлөшүүлөрдө такталган. (YA)

XS
SM
MD
LG