Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Абактагыларга адамча мамиле керек


Абактагылардын абалы ансыз да кыйын
Абактагылардын абалы ансыз да кыйын

Кыргызстандагы жаза өтөөчү, убактылуу кармоочу жайлардын абалы начар экендиги, бул тармакка жакшылап көңүл буруу зарылдыгы айтылып келгени менен абал дале оор бойдон калып келет.

Укук коргоочулардын айтымында, абактарда жаткандар адам чыдагыс шарттарда жашоого мажбур болушуп, көбү эркиндикке чыккыча эрки сынып, жарым жан болуп калышууда. Бул тармактын жетекчилери акырындап абал оңолуп келатканын, абактарда жаткандарды эмгекке тартууга аракеттер көрүлүп жатканын айтышканы менен маал-маалы менен жашоо-шарттын оорлугунан абактагылар нааразчылык билдирип, ооздорун тигип ачкачылык жарыялаганга чейин барышууда.

Абактагылардын ансыз да кыйын абалын Адилет министрлигинин алдындагы Жаза өтөө башкы башкармалыгындагы коррупциялык аракеттер андан бетер оорлоштуруп жатканын айтышкан укук коргоочулар, жок дегенде жаза өтөп жаткандарды кайтарган ушул эле башкармалыктын кызматкерлеринин орой мамилеси оңдолсо жакшы болмоктугун баса белгилешет.

Буга чейин бир канча жолу ар кыл абактарда жаткандар нааразычылык иретинде ачкачылык жарыялашып, абак жетекчилигине баш ийбөөчүлүк жарыялаганга чейин баргандары болгон. Алардын мындай аракеттери күч менен басылып, Жаза өтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери, бир катар маалымат каражаттары абактагылардын аракеттерин “баш ийбөөчүлүк”, “бунт”, “тополоң” катары баалашкан. Ошентсе да айрым укук коргоочулар абактагыларга болгон мамилени өзгөртүп, аларды түшүнүүгө аракет кылуу керектигин, алардын да укуктары бар экендигин, абактагылардын чыдамы түгөнгөндө жасаган нааразычылык иш-чараларын “тополоң”, “баш ийбөөчүлүк” катары балоого болбой тургандыгын айтышат. “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова бул тууралуу мындай дейт:

- Адилет министрлиги, Жаза өтөө башкы башкармалыгы, прокуратура системасы төмөнкүлөргө көңүл буруш керек. Биринчиден, түрмөдө отургандарга эмне керек? Эң биринчи аларга адамдай мамиле керек. Аларды экинчи же үчүнчү сорттогу адамдарда карабай, аларды өзүбүз менен эле тең, эртең эле келип биздин коомго кошула турган адамдар катары жылуу-жумшак мамиле кылыш керек. Экинчи, тууган-уруктары келип калса алар менен жолуктуруу, алып келген тамак-аштарын түз өздөрүнө бердирүү маселелерин жакшылап көңүл бөлүп коюш керек. Анан ден-соолуктары начарлап кетсе докдурга жеткиртүү мүмкүнчүлүгү болуш керек. Андан кийин эле алардын курсагы. Башкасы болбосо дагы алар курсагын ойлошот. Кийим-кеселери жылуулаак болуп, жата турган жерлерин оңдош керек. Албетте, бүгүнкү күнү абактарда 10 миңден ашык адамдар бар. Ошончо адамды багыш, үч маал тамак бериш, коммуналдык кызматтарын төлөш Кыргызстан үчүн бир топ эле чыгаша. Ошондуктан аларга өздөрүн-өздөрү баккыдай шарт түзүп бериш керек. Аларды эмгекке тартуу болбой атпайбы. Эгер ушул маселелерди чечишсе, абактагылар жандарына күч келип нааразычылык деле кылышпайт болчу. Ушундай чоң аксагандыктар бар.

Буга чейин мурдагы Адилет министри Марат Кайыпов Жаза өтөө башкы башкармалыгын оңдоо, реформалоо иштери жүрүп жатканын, абактагылардын абалы бара-бара жакшырып келатканын, ал келгени жаза өтөп жаткандардын тамак-ашына бөлүнгөн акча көбөйгөнүн айтып келген эле. Бирок кийинчерээк министр Марат Кайыпов менен Жаза өтөө башкармалыгынын жетекчиси Эрнис Исаевдин ортосунда кайым айтышуулар орун алып, бири-бирин алдым-жуттум аракеттери үчүн айыптаганга чейин барышып, акыры президент экөөнү тең кызматтан кетирген. Анда Жаза өтөө башкы башкармалыгынын жетекчилиги Марат Кайыповду министрликтин акчасына кымбат баалуу унаа сатып алды деп айыптаса, мурдагы министр каршы тарапты коррупциялык иш-аракеттери үчүн күнөөлөгөн. Ошентсе да азыркы убакка чейин алардын чырлашуусунун себептери, бири-бирине койгон айыптоолордун чын-төгүнү ачыкка чыга элек.

Ошентип учурда көйгөйү көп министрликтин түйшүгү Нурлан Турсункуловдун башына түштү. Көйгөйлөр деле баягы бойдон калууда. Кечээ Адилет минстри Н.Турсункулов маалымат жыйын курмакчы болуп, бул тармактагы маселелер тууралуу жаңы министрдин пикирин угууга мүмкүнчүлүк туулганы менен ал өзү жыйынга келген жок. Анын ордуна келген министрликтин статс-катчысы Аида Салянова болсо журналисттердин бир катар орчундуу суроолоруна жооп бере албай, саясий жана абактар сыяктуу маселелерге министр өзү же ал тармакты тейлеген министрдин орун басарлары жооп берерин айтты. Ал эми министр Нурлан Турсункулов же бул тармакты караган анын орун басарларына байлашууга мүмкүң болбоду.

Андыктан, абактардагы абал, бул жааттагы Адилет министрлигинин, Жаза өтөө башкы башкармалыгынын аткарып жаткан иштери сыяктуу маселелерге кийинчерээк да кайрылабыз.

XS
SM
MD
LG