Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Жалал-Абатта өспүрүмдөр кылмышы менен жол кырсыгы күчөөдө


Облуста жаштар жасаган 127 кылмыш катталган. Алардын көбү Жалал-Абат шаары менен Сузак, Ала-Бука жана Базар-Коргон районунда болгон. Издөө-иликтөө иштеринин натыйжасында өспүрүмдөр жасаган 144 кылмыштын бети ачылган. Мектеп курактагылардын арасында бейбаштык жана уурулук жасап, жаатташып, бир аймакка үстөмдүк кылуу максатында өз ара мушташкан балдардын топтору бар. Жыл башынан бери 428 жол кырсыгы болуп, анын айынан 172 адам каза тапкан. Жакында Ала-Бел ашуусунда жаңы сатып алынган автоунаа аңтарылып кетип, ичиндеги төрт адам өлүп, бешинчиси машина менен кошо өрттөнүп кеткен. Кырсыктардын күчөөсүнө жолдун тардыгы, эс албай, катуу ылдамдыкта жүрүү, эрежелерди бузуу, бет маңдай келаткан машинанын алдына чыга калуу, жолдун көзөмөлдөнбөй калганы өңдүү себептер түрткү болууда. (YA)

XS
SM
MD
LG