Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

Баткен: кыргыз-өзбек чек арасындагы кан жолдор эки жумадан бери жабык


Жол жабуулар эки тараптан бирдей аткарылып жатат. Бул тууралуу Кадамжай районунун акими Асамүдүн Ташев 28-октябрда Халмион айыл өкмөтүнүнүн жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди. Эки жумадан бери Халмион айыл өкмөтүнө караштуу 4 айыл жана жана Кан поселогу кошуна Өзбекстандын айылдары менен жүргүзүп келген жолдор чекарачылар тарабынан тосууга алынган. Натыйжада 17 миңге чукул калкы бар Халмион айыл өкмөтүнүн тургундары район борборуна кыйла алыс шагылдуу жаңыдан курулуп жаткан Баткен-Пүлгөн жолу аркылуу каттап жатышат. Ошол эле учурда Халмион айылынын тургуну, мурдагы Кадамжай районунун милиция бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Мухамаджан Кадыровдун пикиринде, эки тараптуу мындай тирешүүнүн айынан каратаман эл кыйналып жатат. (SA)

XS
SM
MD
LG