Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:13

Назарбаев кыргыздын намысын алдыбы?


“Ачык саясат” гезити “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Болот Шерниязов менен интервью жарыялады. Кабарчынын суроолоруна жооп берип жатып ал, бүгүн бийлик менен оппозициянын тирешүүсүн көздөгөн көмүскө күчтөр барын, бул өтө коркунучтуу симптом экенин, ошол күчтөр ортого от жагып, анан стабилдүүлүктү орнотобуз деген шылтоо менен Кыргызстанга кирип келгенден кайра тартпасын, ошондуктан бийлик дагы, оппозиция дагы өз кызыкчылыктарын кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгынан жогору койбошу керектигин, бийлик бүгүн бийлигин сактап калуу үчүн Кыргызстандын келечегин соодалап жатканын сөз кылды.

Шерниязов, кошуна казактар “Байкоңур” коcмодрому үчүн эле Орусиядан 100 млн.дон ашуун доллар аларын, ал эми биз Американын аскер базасын кармаганыбыз үчүн 17 млн. доллар аларыбызды белгиледи. Саясатчынын оюнча, мунун ордуна Американын 50 штатына 200дөн улан-кыздарды жөнөтсөк бир жылда 10 миң, 10 жылда 100 миң адамды иш менен камсыз кылат болчубуз. Ошондо экономика да көтөрүлмөк.

Б. Шерниязов Каркыра тууралуу сөз козгоп, Каркыраны кайра алуу үчүн кара башы кара жердин алдында калганча күрөшөрүн, Н. Назарбаев Каркыраны эмес, кыргыздын намысын, тарыхын алганын, эми эртең казактар Манасты талашарын, дал ушундай жорукту казак менен кыргыздын душмандары жасаганын белгиледи. Энергетика жөнүндө кеп кылган саясатчы бул тармак 2003-жылы 1 млрд. 200 млн. сом таза киреше алып келгенин, ал эми Бакиев башкарган 4 жыл ичинде 4 млрд. сом карыз болгонун, энергетика тармагы криминалдашып, саясатташып кеткендиктен ушул ахыбалга түшкөнүн, муну баштаган мурдагы президенттин уулу Айдар Акаевдин саясатын азыркы президенттин уулу Максим Бакиев улантып жатканын айтып чыкты.

Кабарчынын Америкада 2 айдан ашуун болуп кайра кеткени жатыпсыз деген соболуна Б. Шернизов Америкага ал Бакиевдин тапшырмасы менен “тезек тергени” кеткенин, ага өз өлкөсүндө иштегенге мүмкүндүк бербегендиктен улам АКШда иштегенге мажбур болгонун, бир кызы Европада окуса, бир кызы Кытайда иштээрин, уулу Америкада экендигин кошумчалады.

Ушул эле гезит Бишкектеги “Айпери” деп аталган сулуулук салонун Маскөөнүн өкмөтүндө иштеген Борис Силаев аңдый баштаганын кабарлаган чакан макала басты. Гезиттен ошондой эле айтылуу акын Өмүркул Кулумбаевдин “Азыр демократия эмес “делбекратия” деген баарлашуусун ж.б. макалаларды, каттарды окууга болот.

“Кыргыз туусу” гезити “Айтматовдун чыгармалары ааламды айланып жүрөт” деген тема алдында улуу жазуучунун жылына арналып өтүп жаткан иш-чаралар тууралуу кенен баяндама берди. Ушул эле санга инженер-гидротехник А. Жамгырчиевдин “Аскадан аккан акысыз суунун муңу” деген аталыштагы макаласы жарык көрдү. Анда Кыргыз мамлекет эгемендүүлүгүн алгандан бери республиканын ирригация тармактарынын 35 пайызы иштен чыгып, талкаланып, бузулуп, каналдар керектүү көлөмдөгү сугат сууларын өткөрө албай калганын баяндаган.

Адистин айтуусунда, мунун айынан суу башаттарынан өлкө 12 млрд. метр куб суунун ордуна араң 8 млрд. метр куб суу алып калган. Эгер мамлекет чукул көңүл бурбаса бул тармакты да жоготуп алабыз. Анын үстүнө гидрометеролгоия кызматынын маалыматына караганда быйыл кыш узак жана суук болот. Электр энергиясынын тартыштыгынан улам эл токой кыйганга өтөт. Ар бир гектар токой 50 миң тонна чаң жутаарын эске алсак, кыркылган токойдун мына ушундай көлөмдөгү чаңы тоолордун мөңгүлөрүн каптайт да тездик менен эришине алып келет. Кыйылган токой 50-100 жылсыз кайра калыбына келбейт. Адис мына ушул маселе тууралуу добулбас кагып чыккан.

Электр энергиясынын көйгөйүн сөз кылган Бишкек тургуну К. Жалилов аттуу окурман атка минерлердин жашаган жеринде, алардын кафе, ресторан, казино, мончо-сауналарында күнү-түнү жарык өчпөй эле күйүп турганын, кайра-кайра өчүрө берүүдөн улам көптөгөн шайман-буюмдар, компьютерлер күйүп кетип жарактан чыгып атканын, өлкөнүн экономикасы зыян тартып жатканын, ошондуктан күндүн нуру же шамал менен алына турган атаандаш энергия тууралуу баш оорутчу мезгил келгенин кеп кылды.

Республиканын айыл, суу жана кайра иштетүү өнөржай министри Арстанбек Ногоев массалык маалымат каражаттары аркылуу байма-бай көрүнүп, өлкөдө жетиштүү өлчөмдө дан жыйналганын айтып, нан азыгына тартышытык болбойт деп ишендиргенине ишенейин десем деле ишенгим келбей турат деп жазган журналист Вячеслав Тимирбаев “МСН” гезитиндеги “Кимдин наны менен курсак тойгузабыз?” деген макаласын Кыргызстандагы азык-түлүк маселесине багыштаган. Жыл сайын республика 140 гектар айдоо аянтынан ажырап келатат. Дагы бир кейиштүү жагдай кыргыз өкмөтү Кытайдан өткөн жылдын 23-ноябрында 5 миң тонн ун сатып алып, аны 15,8 сомдон жакыр үй-бүлөлөргө таратып берген. Бирок мына ушул кытай унунун арасында адам өмүрүнө коркунуч келтирчү коңуз бар деген каңшаар тарап, аны текшерүү үчүн ундан Маскөөгө жөнөтүлгөнүн, бирок аңгыча Кытай элчилиги ундун составында эч кандай шектүү заттар жок, ун таза деп маалымдаганын кабарлады.

Ушул эле гезит дүйнө оор кризистин босогосуна келип калганын, бул проблеманын эпкини миңдеген кыргызстандыктарга да келип тийерин, эгер адамдар иштеген ишинен, тапкан акчасынан ажыраса, аны менен келчегинен да ажырарын белгилеп, бирок буга өкмөттөн жооп бере турган жан табылар бекен деп суроо коюп, сыягы жооп бере турган эчким чыкпайт болуш керек деп жазды. Адаттагыдай эле ар бир министр күнөөнү өз кол алдындагы атка минерлерге шылтай салып баса берет эмеспи. Анан мунун аягы элдин массалык нааразылыгы менен аяктайт. Мына өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда ички дүң продукциянын көлөмү 8,4 пайыздан 6,8 пайызга төмөндөп, өнөр жай өндүрүшү токтой баштаган. Шифер өндүрүү 32 пайызга, бетон трубаларын чыгаруу 49 пайызга, айнек такталарын жасоо 21 пайызга төмөндөгөн. Ошентип электр жарыгын өчүрө берүүнүн өлкөгө оңбогондой олуттуу зыян алып келгенин эсептеген азырынча бир дагы аткаминер жок дейт гезит.
XS
SM
MD
LG