Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:58

Орусиядагы интернет коомчулугу улам жанданып, өрүшүн кеңейтип өнүгүп жаткан чакта, расмий Кремл блог жана форумдарды ооздуктай албай калуудан жана коомдун интернеттик маалымат мейкиндигинин андан аркы демократиялашуусунан чочулоодо. Мына ушундай жана башка тыянактар Нью-Йорк шаарындагы Колумбия университетинде жакында өткөн Орусиянын блог чөйрөсү тууралуу жыйында жасалды.

Сергей Кузнецов алгачкылардан болуп 1990-жылдары Орусияда блог, башкача айтканда, интернеттик күндөлүк журнал ачкандардын бири. Ага жакында эле Кремл менен тыгыз байланышы бар бир компания кызматташуу сунушу менен кайрылган.

Кузнецов бул компаниянын атын атаган жок, бирок компания орусиялык блог чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен алака түзүп, аларга таасир тийгизүү үчүн миллиондогон рубль акча каражатын сарптоого дилгир экенине ишаара кылган. Кузнецовдун техникалык тажрыйбасы чоң жана таасири да бар адис, ошондуктан өкмөттүн ага кызыгуусунун сыры да мына ушунда.

Орусиянын интернет чөйрөсүндөгү мындай көрүнүш жалгыз гана Кузнецовдун керт башы менен чектелбейт. Айтмакчы, ушул тапта орус тилдүү интернетте 4 миллиондой блог жана башка жекече интернет барактары бар. Демек, алар канчалык көбөйгөн сайын, ошончолук эркин ой-пикир айтуу мүмкүнчүлүктөрү өсөт деп күтүүгө болот.

Адистердин айтымында, интернет мейкиндигинде таасири чоң блоггерлерди жана башка лидерлерди өзүнө жакындатуу далаалаты аркылуу бүгүнкү Кремл интернеттин демократиялаштырып жаткан таасирин тизгиндөө үчүн «жумшак» делген ыкмаларга барып жатканынан кабар берет.

Орусиядагы таасирдүү “russian-cyberspace.org” аттуу интернетти иликтөө тобунун өкүлү Роберт Саундерс (Robert Saunders) «Азаттыкка» мындай дейт:

- Сиз азыр «Авторитаризм: 2-версия» аттуу программалык жобого туш болдуңуз. Орусия интернетти тизгиндеп жаткан өлкө катары эч көрүнгүсү келбейт. Ошондуктан алар колдоого алуунун кандайдыр-бир деңгээлин, цензуранын анча-мынча деңгээлин, көзөмөл жүргүзүүнүн кайсы-бир деңгээлин жүзөгө ашырууда, бирок Кремл муну Германия менен Кошмо Штаттарда кандайча иш-аракет жүргүзүп жатышса, ошолордун чегинен чыкпай ишке ашырууга умтулууда, тек гана аларлдан анча-мынча көбүрөөк көзөмөл кылууда. Бирок Орусия өзгөчө илгери жылган тармак – бул бейөкмөт уюмдар, өкмөткө тийешеси жок адистер аркылуу, алардын колу менен интернетке кийлигишип, өз үнүн жеткирип, башкалардын оозун жабууга умтулуп жаткандыгы. Демек, Кремлдин өтө татаал иш-аракети – бул тышкаркы аткаруучуларга кол бергендиги менен байланыштуу.

Блогдорго – интернеттик күндөлүк журналдарга тектеш келген формат – форум, маркум Чыңгыз Айтматов сунуштаган термин менен башкача айтканда, шерине. Шеринеге да интернет окурмандары ар кыл өңүттөгү ой-пикирлерин жолдой алышат.

Орусияда интернет шеринесине таандык өзгөчө жигердүү ишмердүүлүк Олег Щербинскийдин окуясы менен байланыштуу. Ал Алтайдын губернатору Михаил Евдокимов бараткан машинени жол кырсыгына кириптер кылып, анын өлүмүнө себепкер болгон деген айып менен төрт жылга абакка кесилген.

“Тандоо Эркиндиги” («Свобода выбора») деп аталган айдоочулар кыймылынын интернеттик шеринесинде Щербинскийди колдогондор бийлик төбөлдөрү өздөрү жол эрежелерин сактабай, кооптуу абалды жаратышат да, залакасы карапайым калкка тиейт деп нааразылыгын кеңири жазып чыгышкан. Акыры Олег Щербинскийге чыгарылган өкүм кайра жокко чыгарылган.

Щербинский менен байланыштуу ийгилик орусиялык интернет коомчулугун кыйла шыктандырды. Саундерстин айтымында, Орусиядагы интернет аркылуу жетишилген мындай өзгөрүүлөр дагы эле чектелүү мүнөздө кала берүүдө.

- Интернет аркылуу айрым өзгөртүүлөрдү жасоо мүмкүнчүлүк болгон жерде, албетте блог чөйрөсү мыкты усул болууда. Ал эми белгилүү бир тармактарда эч ким өтө албай тургандай кызыл сыя менен чийилгендей чектөөлөр дагы эле сакталып кала берүүдө. Бул жакта пикириңди айтуудан майнап чыкпаган жана таасир этүү мүмкүнчүлүгү да жокко эсе тармактар да бар. Андыктан, менимче, азыноолак көйгөйлөрдү чечүүнүн башаттык ийгиликтери орун алып жаткан менен, ири деңгээлде натыйжа күтүү кыйын. Интернет аракети аркылуу режимди жыгууга болобу? Анын аркасында Орусияда «түстүү» ыңкылапты жүзөгө ашыра аласызбы? Эч качан мындай жыйынтык күтүлбөйт. Жакынкы учурда да, менимче, узак мөөнөт ичинде да мындай өзгөрүү болушу күмөн.

Интернет иликтөөчү Саундерстин оюнча, Орусиядагы соңку президенттик шайлоо учурунда блог чөйрөсүндө дээрлик жымжырттык орун алды.

Себеби «канчалык кыйкырсак да, баары бир Кремлдин интернетти көзөмөлдөгөн техникалык каражаттары үнүбүздү элге жеткирбей өчүрүп койот» деген ишеним көпчүлүктүн сын пикир жана кайчы ой айтуу ниетин мокотуп салды, дейт Саундерс.

Ошого карабастан, канчалык расмий Кремл тымызын таасир кылууга далаалат жасабасын, Орусиянын блогдору жана интернет шеринелери (форумдары) өлкөдөгү үналгы жана сыналгы каналдарына салыштырмалуу алда канча эркинирээк болуп жатканын көз каранды эмес адистер белгилешүүдө.

Эдил Сапарбек уулу, Прага
XS
SM
MD
LG