Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:20

Өзбекстан суу башындагы коңшуларга нааразы


Кыргызстан сактаган суулардын убайын коңшулар көрөт.

Кыргызстан сактаган суулардын убайын коңшулар көрөт.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги чоң суунун башындагы өлкөлөрдүн ири курулуштарды жүргүзүүсү чөлкөмгө коркунуч алып келерин эскертти.

Суу-энергетикалык проблемаларды биргелешип чечүү жөнүндөгү төрт тараптуу келишимге кол коюлбай калгандан кийин байкоочулар постсоветтик Борбор Азия республикаларынын ортосундагы талаш дагы уланарын болжолдошкон. Бирок да ушул жылдын 10-октябрында Бишкекте өткөн Евразия кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын макулдашуусу тараптар чиеш маселени чечүүгө даяр экенин көрсөткөндөй болгон.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Арал деңизине куюлчу Сырдарыя, Амударыяларынын башында ири гидрокурулуштар суунун төмөн жагында жайгашкан өлкөлөрдү экономикалык кыйын абалга капталтып, чөлкөмгө экологиялык коркунучтарды алып келерин эскертти. Расмий Ташкен сугат менен ичер суунун жетишпестигинен дарыянын төмөн жагында жашаган өлкө чоң зыян тартса анын ордун толтуруу маселеси коңшулардын алдына коюла тургандыгын да билдирүүдө.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүүсүндө өлкөлөрдү аралап аккан дарыялардын суусу азайбаштыгы да көрсөтүлгөн. Ушундай эле талапты өткөн жылы Шаңкай кызматташуу уюмунун Бишкекте өткөн саммитинде Өзбекстан президенти да жарыя кылган. Өзбекстан жетекчилигине жакпай калган гидрокурулуштардын катарында Тажикстандагы “Рогун”, ушу тапта техника-экономикалык негиздемесине киришкени калган “Шураб” ГЭСтери, Кыргызстандагы айтылуу “Камбарата – 1 - 2” курулуштары эсепке алынганы Бишкектеги ошол каадалуу жыйын катышуучуларына дайын болчу.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин суу боюнча билдирүү таратышы расмий Ташкендин камтамачылыгын ири курулуштарды каржылоого куштар өлкөлөр эске алсын ниетинен чыгууда.

Энергетикалык эксперт Базарбай Мамбетов Өзбекстан суу проблемасын табигый газга байлап, өзүнүн саясий өктөмдүгүн коңшуларга көрсөтүш үчүн сестүү эскертүү жасоого өтүүдө, деген пикирде:

- Эмнеси болсо дагы Өзбекстан Амударыя менен Сырдарыяга болгон мамилени өзүнүн пайдасына которгонго аракет кылып жатат. Бирок ага Кыргызстан менен Тажикстан барбайт. Эмне дегенде дүйнөлүк практика андай эмес. Суунун 85% бизде пайда болгондон кийин биз аны өзүбүз колдонуп, өзүбүз башкарышыбыз керек,- дейт Б.Мамбетов.

Өзбекстандык эксперт Ташбулат Юлдашев социализм доорунда ирригациялык максатка курулган ирригациялык объекттерди Кыргызстан өз каражатына кармап, баштатан келаткан милдетин аткарып келатат дейт. А бирок Өзбекстан болсо мурдагыдай эле:

- Сугат маалында Кыргызстан керектүү көлөмдө сууну маалынапн кечиктирбей алып турууну каалайт. Менин оюмча, Ислам Каримов Кыргызстан жетекчилиги, башкалар менен да теңата сүйлөшүүнү каалабайт. Маселени өкүмгө салып чечкенди жакшы көрөт,- дейт Ташбулат Юлдашев.

Кыргызстандын суу сактагычтарында сакталган суулардын көпчүлүгү Өзбекстан менен Казакстанга берилет. Кыргызстандын Айыл, суу чарба кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Суу чарба департаментинин жетекчиси Баратали Кошматов талаш проблема дарыянын төмөн жагында жайгашкан өлкөлөр ортосунда деле болорун момундай мисал менен бышыктайт:

- Суу Үч-Коргон гидротүйүндөн чыккандан кийин эле Өзбекстанга өтөт. Өзбекстандан Тажикстанга Кайрак-Кум суу сактагычына барат. Андан кийин жана Өзбекстанга өтүп, андан Казакстанга барат. Бу жолдо бир канча жерлер, каналдар бар. Көпчүлүк жерде Өзбекстандагы кесиптештерибиз октогул, Кемпир-Абад суу сактагычынан чыккан сууну Фергана өрөөнүндө пайдаланып, Кайрак-Кумдан чыккан сууну Казакстанга беребиз деген келишим бар. Бирок кээде келишимде көрсөтүлгөн көлөмдөгү суу берилбей калганы да болот.

Каржылык кризистин айынан инвестиция агымы сээлдеп калган чакта миллиарддаган долларлык ири гидрокурулуштардын каржыланышы да кыйын ишке айланууда. Ошондон “Камбарата – 1” ГЭСин куруу зарылдыгы кыйла жылдан бери айтылып, ушу тапта техника-экономикалык негиздемеси гана даярдалууда.

XS
SM
MD
LG