Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:25

Жогорку Кеңештин депутаттары 11-ноябрда Европарламентке барат


Учурда Кыргызстанда жүргөн Европарламенттин делегациясы кечээ депутаттарды тажрыйба алмашуу үчүн Брюсселге келүүгө чакырды. Европанын либералдар жана демократтар альянсынын өкүлү Она Юкневичиене баштаган Европарламенттин расмий делегациясы менен кечээ Жогорку Кенештин төрагасы Айтибай Тагаев жолугушту. Жолугушууда европалык делегация жаңы Жогорку Кеңештин партиялык тизме менен шайланышын, Европарламент жаңы курамга 23 аялдын киришин кубаттоо менен кабыл алгандыгын, Европарламент ошондой эле демократиянын калыптанышына кызыкдар экенин белгиледи. Делегация бүгүн тиешелүү комитеттердин жетекчилери менен жолугушуп, жумушчу сессияларга катышат. Бул делегация “Европа биримдиги – Кыргызстан” парламенттик кызматташтыгы боюнча комитеттин мүчөлөрүнөн куралган. Анын курамында Эстониянын, Германиянын, Улуу Британиянын жана Нидерландынын өкүлдөрү бар. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG