Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

Жогорку Кеңештин депутатын таап берүүнү талап кылган акция уланууда


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын маалыматына караганда, Жогорку Кеңештеги СДП фракциясынын мүчөсү, депутат Руслан Шаботоевди таап берүүнү талап кылгандар бүгүн Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациянын алдына чыгышты. Алар акыркы жолу Руслан Шаботоев менен чогуу болгон Байланыш боюнча улуттук агенттиктин башчысы Кубат Кыдыралиевдин келишин талап кылууда. ИИМдин орун басары Сабырбек Курманалиев буга мыйзам жол бербей тургандыгын эскертип, акцияга чыккандардын өкүлдөрүнүн Кыдыралиевдин иш бөлмөсүнө түштөн кийин барып жолугуусун сунуштоодо. Акция өтүп жаткан Кант шаарында Социал-демократтар фракциясынын лидерлери, ИИМдин жетекчилиги жана милициця кызматкерлери да болууда. Депутат Шаботоевдин тарапкерлери 27-октябрда Бишкек-Балыкчы автожолун тосуп, милициянын күчү менен таратылган болчу. Депутат Руслан Шаботоев 30-сентябрдан бери дарексиз. Ал эми СДПнын дагы бир депутаты Жусупжан Жээнбековдун уулу Бактыяр Амиражанов 24-сентябрдан бери дайынсыз жоголууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG