Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

“Кыргыз Газ” ишканасы Өзбекстанга $ 3 млн. карыз


Бүгүн өкмөт жыйынында Өнөр жай, энергетика, отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековдун айтканына караганда, учурда кыргыз тарап кредиттин эсебинен бул карыздын 1 миллион долларга жакынын “Узтрансгаз” ишканасына которуп жатат. Газдын баасы боюнча келерки жылга макулдашуу декабрь айынын ичинде болот. Кыргызстан Өзбекстан менен 2008-жылга макулдашкан 750 млн. кубометр газдын 180 млн. кубометрин сатып ала элек. Ал эми ЕврАзЭждин Бишкек саммитинин учурундагы жолугушууда президенттер ортосунда макулдашылган кошумча 150 млн. кубометр газдын каржылык жана укуктук жагы али бүтө элек. Мындан тышкары өкмөт жыйынында Кыргызстан Казакстандан 250 млн. квт. саат электр энергиясын сатып ала тургандыгы маалымдалды. (BuS)

XS
SM
MD
LG