Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:33

Кыргызстан менен Еврошаркет адам укугу маселесин Брюсселде талкуулайт


Кечээ Бишкекте Кыргызстан менен Евробиримдиктин өкүлдөрүнүн адам укугуна арналган биринчи жолугушуусу болду. Жолугушууда тараптар адам укугун коргоонун улуттук чаралары, аялдар менен балдардын, атуулдук, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий укуктарын камсыз кылууну жакшыртуу маселелерин талкуулашты. Евробиримдиктин өкүлдөрү жакынкы күндөрү бул жаатта анализдери жана сунуштары менен бөлүшүп, кыргыз бийлигине адам укугу жааттагы абалды жакшыртууга көмөктөшөөрүн билдирди. Шаркеттин өкүлдөрү кийинки ушундай жолугушууну 2009-жылы Брюсселде өткөрүүнү сунуштады. Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче тараптар жакынкы айларда Бишкекте Европа өлкөлөрүнүн жана Кыргызстандын жарандык коомунун жыйынын уюштурууну макулдашты. (EBM)

XS
SM
MD
LG