Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

Ат чабыш фестивалы 1-ноябрда болот


Бул тууралуу “Кыргыз аты” уюмунун төрайымы Жаклин Рипар бүгүн маалымдады. Анын айтымында 2010-жылга чейин жалпысынан төрт фестиваль өтөт. Биринчиси быйыл Ысык-Көлдө, экинчиси Тажикстандын Мурагбесинде, андан кийин Алай менен Токтогулда уюштурулмакчы. Иш-чаранын талаптарына ылайык анда бышты курактан ашкан аттар 30-35 чакырым аралыкка чабылат. Чабандес он алты жаштан жогорку куракта болушу керек. Фестивалдын жүрүшүндө үч француз медицина кызматкери күзөт кылмакчы. Ат чабышка жакынкы, алыскы өлкөлөрдөн миңдей конок чакырылган. Кыргызстандагы француз элчилигинин көмөгү менен өткөрүлүп жаткан фестивалдын жүрүшүндө кыргыздын бир топ ат оюндары да көрсөтүлмөкчү. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG