Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Ошто Алишер Саиповдун өмүрүн кыйгандарды табуу талабы коюлду


Оштогу маалымат каражаттарын колдоо борборунун координациялык Кеңешинин төрагасы Бакыт Ибраимов «Азаттыкка» билдиргенине караганда, президент Бакиев «Саясат» гезитинин баш редактору Алишер Саиповдун өлтүрүлүшүнө байланышкан кылмыш ишин иликтөөнү жеке көзөмөлүнө алганы менен бир жылдан бери эч кандай жылыш жок. Ошол себептүү аталган борбордун жүздөн ашык мүчөсү дагы бир ирет өлкө жетекчилигине, президентке жана Жогорку Кеңеш төрагасына кайрылуу жасап, кылмышкерлерди табууга жардамдашып, сөз эркиндигине кол салгандарды эл көзүнчө токтоосуз жазалоону талап кылышты. Ички иштер министринин орунбасары Жеңиш Жакыпов журналист Алишер Саиповду өлтүргөндөрдү аныктоо кыйынга туруп жаткандыгын, бирок иликтөө жараяны токтобостугун маалымдады. (АТо)

XS
SM
MD
LG