Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:26

Жалал-Абатта саламаттыкты сактоо министрлиги көчмө жыйын өткөрдү


Түштүк облустарындагы дарыгерлер катышкан жыйында кургак учук оорусун азайтуу боюнча улуттук программанын аткарылышы, психикалык жана наркологиялык кызматтардын абалы талкууга алынды. Баяндамаларда айтылгандай, кургак учуктан өлгөндөрдүн саны өлкөдө эки эсе азайган. Оору балдар жана өспүрүмдөр арасында күчөгөн. Ош шаарынын маалыматы ишенимсиз. Тамак-аш жана дары-дармек үчүн каражаттар тең бөлүнбөйт. Жалал-Абат жана Ош облустарында психиатриялык жана наркокызматтардын уюштурулушу, ал оорулардын алдын алуу иштери начар, аталган кесиптеги дарыгерлер жетишсиз. Акылы кем балдардын майыптыкка чыгуу көрсөткүчтөрү өсүп кеткен. Баңгилер менен аракечтерди табуу жана аларды каттоого алуу иши жетишээрлик деңгээлде эмес. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG