Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:30

АКШда шайлоо өнөктүгү кызыды


АКШда шайлоого саналуу күндөр калды. Талапкерлер кайым айтышып, бирин-бири сындашып, алиге чейин кимди колдорун билбеген шайлоочуларды өз тарабына тартканга акыркы күч-аракеттерин жумшап жатышат.

2001-жылы Чикаго шаарында жергиликтүү радиодогу интервьюсунда Обама жарым кылым илгерки жарандык кыймылдар коомдук байлыкты бөлүштүрүүнү өзгөртө албаганын айтып, муну алардын башкы кемчилиги, атүгүл таргедиясы деп атаган экен. Эски ошол үн тасманы далилге тартып, Жон Маккейн атаандашы Обаманы коомдук жыргалчылыктарды кайра бөлүштүрүүнү көздөйт жана муну социалдык адилеттик катары көрсөткүсү келет, иш жүзүндө анын салык программасы бар болгону байлыкты байгер катмардан жакырларга гана алып берет деп ырастады. Маккейн мындай саясат экономиканын бүткүл негизин бүлүнтөрүн эскертип, Обамадан айрымаланып ал салыктарды кыскартуу, кошумча жумушчу орундарды көбөйтүү аркылуу экономиканы өнүктүргөнгө жетишерин белгиледи.

Республикалык партиянын вице-президенттикке талапкери Сара Пэйлин да Обаманын экономикалык программасын бир нече курдай “социализмдин ыкмасы” деп атаган эле. Пенсилванияда да Пэйлин ошол оюн кайталап, Обаманын салык саясаты “башмалдак атып иштегендерди жазалоо болорун” эскертти.

Өз кезегинде Обама Маккейндин салык программасы ири корпорациялар менен байгерлер үчүн гана пайдалуу экенин, аларды баштагыдай эле орто таптын эсебинен маарыта турганын айтып, атаандашын “Буштун түгөйү” деп атады. Обама жылына 250 миң доллардан ашыкча киреше тапкандар үчүн салыктарды көбөйтүп, иштеп тапкан акчасы аталган суммага жетпегендерге болсо алык-салык жагынан жеңилдиктерди бергиси келет. Андайлар, Обаманын эсебинде, калктын дээрлик 95 процентине жетет.

Демократтардын вице-президенттикке талапкери Жозеф Байден да маккейнчилердин сындарына жооп кайтарып, Обаманын программасы орто таптын ооматын ашырат, Иракка жана башка согуштарга сарпталып жаткан каражатты өлкөнүн экономикасына жумшаганга шарт түзөт деп ишендирди.

Шайлоо өнөктүгүнүн акыркы күндөрүн эки талапкер тең арсарсыган штаттарда өткөрүшмөкчү. Шаршемби күнү кечинде Маккейн – Түндүк Каролинада, Обама- Виржинияда үгүт өнөктүгүн өткөрүшөт.

XS
SM
MD
LG