Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:41

АКШда коомдук пикирдин дээрлик бардык көрсөткүчтөрүндө демократ Барак Обама республикачыл атаандашы Жон Маккейнден алдыда баратат. Деген менен алдыдагы шейшембиде оомат кимге тиери дале табышмак.

Гэллап кызматынын социологдору акыркы иликтөөдө АКШнын эмдиги президенти Барак Обама болоруна ишенгендер 70 процентке жеткенин аныкташты. Ак үй үчүн жарышта Жон Маккейн утат дегендер 23 проценттен биртке ашкан. Обаманын жеңишинен күмөн санабагандар кала берсе Маккейндин тарапкерлери арасында деле көп экен: андайлар 47 проценттей бар дешет.

Башка кызматтар,телеканалдар менен басылмалар өткөргөн иликтөөлөрдө да Обаманын артыкчылыгы 5-9 проценттин тегерегинде аталууда. ABC News эрте добуш берген шайлоочулардын 9 процентинен эле Обама атаандашынан 21 процент озуп кеткенин кабарлады.

Бирок бир катар аналитиктер, алардын арасында Майкл Тэннер ашыкпагыла деп эскертти. 4-ноябрда добуш бергени канча шайлоочу келет, конкреттүү кимдер келет – көп нерсе ушуга жараша болот. Иликтөөлөр жагдайды толук аныктай албайт. Быйыл демографиялык, айрыкча расалык жүйөөлөр чечүүчү фактор болуп калышы да мүмкүн.

Жон Маккейн өзү да аны Обамадан 11-12, атүгүл 14 процент артта калды деген тыянактар менен макул болгон жок.Республикачыл сенатордун да жеке эсеп-кысаптары бар, ага ылайык шайлоону анчейин бир артыкчылык менен, бирок баары бир утуп аларына ишенет. Ал эми Обаманын болочоктогу өкмөтүндөгү орундарга азыртан эле талапкерлерди тандай баштаган айрым бир басылмалардын, мисалы, New York журналынын божомолдорун Маккейн өлө элек өтөгөндүн терисин бөлүштүргөндөй эле иш деп какшыктады.

Айрым байкоочулар муну менен Маккейн өзүн жооткотуп жатат дешет. Башка бирөөлөр болсо сенатордун сөздөрүнө кошулду. “Вашингтон пост” гезитинин баяндамачысы Говард Курцтун айтымында, шайлоонун жыйынтыгын эртелеп эле аныктап жаткан маалымат каражаттарынын аракеттери демократтардын талапкери үчүн “осол тамашага” айланып кетиши ажеп эмес. Шайлоочуларды тек гана бир статист эсептеген көз караштарды алар жактырбайт, тескерисинче, ойго келбеген оюндарды жасап кое алат. 1948-жылы, мисалы, “Чикаго трибюн” гезити коомдук пикирдин натыйжаларына негизденип 4-ноябрдагы санында Томас Дюини президент кылып жарыялап жиберген. Кечинде болсо элдин мандатын Гарри Трумэн утуп алган.

Мындан чейрек кылым илгери дагы бир окуя болгон. 1982-жылы Лос-Анжелестин ошо кездеги шаар башчысы Том Брэдли Калифорния штатынын губернаторлугуна талапкер болуп, коомдук пикирде ат чабым алдыга озуп чыккан. Брэдли да өңү каралардын жана демократтардын өкүлү болгон. Добуш бере келгенде шайлоочулар анын атаандашына – республикачыл партиянын жана ак түстөгү америкалыктардын өкүлүнө ооп кетишкен.

Байкоочулар “Брэдлинин феномени” аталган ошол өнөгө быйыл кайталанарына ишенишпейт. Ошол эле Гэллап тобунун иликтөөсүндө шайлоочулардын 88 проценти талапкерлердин өң-түсү алар үчүн маанилүү эместигин айтышкан. Деген менен коомдук пикирди иликтөөчүлөрдүн бири 130 миллион шайлоочу добуш берерде дегеле эчтемени эске албайт деп айтыштын өзү обу жок оптимизм болорун белгиледи.

XS
SM
MD
LG