Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

Авиакырсыктын себебин аныктоого коррупция тоскоол болууда


Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңештин сессиясында СДП фракциясынын мүчөсү Роза Отунбаева билдирди. Отунбаеванын көз карашында тергөө мекемелери комиссия тыянагын чыгара элек деген негиз менен эки айдан бери 66 кишини мерт кылган кырсыкты тергеп бүтпөй жатат. Депутат бул ишти орусиялык кылмыш топтору көзөмөлдөп жатат жана кырсык үчүн күнөө экипаждын командири Юрий Гончаревго гана жүктөлчүдөй деп эсептейт. 24-августта Бишкектин жанында Боинг-737 учагы кыйрап, андан 66 киши мерт болгону белгилүү. Эл аралык авиация комитети өзүнүн алгачкы тыянагында кырсыкты техникалык себепке байланыштырган эмес. Анын негизинде Гончарев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин камагына алынган.(BuS)

XS
SM
MD
LG