Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

Дүйнөлүк каржы кризиси миграцияга терс таасирин тийгизүүдө


Мындай пикирин “Азаттыкка” экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, ушул тапта дүйнөнү каптаган каржы кризиси миграцияга да таасирин тийгизүүдө. Азыр эле мигранттардын мекенине которгон каражаттары азая түшкөнү байкалып жатат. Казакстан менен Орусиядагы кыргыз мигранттарынын көбү курулуш жаатында иштейт, ал эми бул мамлекеттерде курулуштун 30-40 пайызы токтоп турат. Министрдин айтымында, мунун айынан бир топ мигранттар ишсиз калып, үйүнө акча котормок тургай, өз жандарын багуу айласын издеп калышты. Эгерде дүйнөлүк каржы кризиси жөнгө салынбаса, абал өтө начарлап кетиши мүмкүн. Расмий маалыматтар боюнча, былтыр кыргыз мигранттары банктар аркылуу өлкөгө 800 млн. доллар акча жөнөтүшкөн. (AiJu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG