Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:44

Гранттар боюнча чечим даярдоону ЖК комитетке тапшырды


Жогорку Кеңеш бүгүн Саламаттык сактоо тармагына 2001-2008-жылдары берилген гранттарды, кредиттерди, гумжардамдарды пайдалануунун натыйжалуулугун иликтеген комиссия тыянагын талкуулады. Иликтөөнү Парламенттин Миграция, эмгек, социалдык саясат, саламаттык сактоо комитетинин жумушчу комиссиясы жүргүзүп, одоно мыйзам бузууларга жол берилди деген тыянакка келген. Комиссия өз тыянагынын негизинде Жогорку Кеңешке мыйзам бузууларды териштирүүнү тартип коргоо кызматтарына тапшырууну, жоопкерчиликти күчөтүүчү, мыйзамдарды жаңыртуучу чараларды көрүүнү сунуш кылган. Маселе эки күнгө созулуп, акырында парламент сунуштардын негизинде токтом долбоорун биргелешип иштеп чыгып, добуш берүүгө сунуштоону тиешелүү комитеттерге тапшырды. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG