Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:57

ЭАК авиакырсыкты иликтеп бүтүп калды


Бул тууралуу жакында Бишкекке келип кеткен Эл аралык авиация комитетинин төрагасы Леонид Каширскийдин маалыматына таянып Транспорт жана байланыш министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, иликтөөнүн жыйынтыгы жакында өкмөттүк комиссиянын жана башкы прокуратуранын карамагына берилет. ЭАК алгачкы тыянагында авиакырсык учкучтун катачылыгынан болгон деген тыянак чыгарган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, кыйраган учакка байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергөө жана башкы учкуч Юрий Гончаровдун камакта отуруу мөөнөтү эки айга узартылган. Бүгүнкү сессияда ЖК депутаты Роза Отунбаева тергөө создугуп жатканын кескин сынга алып, кечеңдөөнү ЭАКтын иликтөөсүн Орусия кылмышкерлер тобу көзөмөлдөп тургандыгы жана кыргыз бийлигинин коррупцияга алдырып жаткандыгы менен байланыштырган. 24-августта Жаңы жер айылында кулаган “Боинг-737” учагында 66 киши мерт болгон. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG